Чыгармачылык изденүүнүн үстүндө жүргөн Съездбек Искеналиевден жаңы клип. Айтылуу акын Түмөнбай Байзаковдун калемине таандык “Касиеттүү Кара-Кочкор” аттуу ырга ырчы жигит өзү обон жазып, клип тарттырды.
Киндик кан тамган жерин даңазалаган клиптин бет ачары 12-июль күнү борбордогу кафелердин биринде өттү. Бул аземге ырчынын тууган-уругу, жакын санаалаш, сахналаш достору келишип, ийгиликтерди каалашты. 1,5 миң долларды чапчыган клиптин режиссёру – Айбек Дайырбеков. Эгерде сиз Кара-Кочкор жерине саякатка баргыңыз келсе, Съездбектин клибинен көрсөңүз болот. Бул үчүн сайтыбыздагы медиа-порталга кириңиз.