Ө.Текебаев: «АТААНДАШТАРЫМ – МЕНИН ДОСТОРУМ»

Өмүрбек Текебаев алгачкылардан болуп УӨдөгү кызматынан расмий түрдө кетип жатып, буга чейинки жана жакынкы аткара турган иштери менен тааныштырды.
Парламенттик шайлоодо жеңишке жетүүгө көбүрөөк мүмкүнчүлүгү бар “Ата Мекен” партиясынын лидери өлкөдөгү башка партиялардан айырмаланып, алардын курамында мүчөлөрдүн саны азыраак (3-7 миң киши) экендигин айтты. “Бирок алар көп убакыттан бери такшалган адамдар, биз санга эмес, сапатка карайбыз”,-дейт Ө.Текебаев.
Ал эми шайлоодо кимдер "Ата Мекенге" атаандаш болору жөнүндөгү суроого “негизги атаандаштарым – менин досторум” деп жооп берди. “Анын ичинен “Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов менин досум болчу, бирок ал бир эле Курманбек Бакиевдин эмес, анын уулунун да тарапташы болуп кеткен”,- дейт. Анын айтымында, эми алар шайлоодон өтүп кетишсе, мурунку достор менен парламентте иштөөгө туура келет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
bagdat
2010-07-22 22:37:51
бир нерсени айтам: бийлик талашкан акмактар деп, Кыргызстанды жок кылышты
0
№ 402, 16-22-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан