Т.Бакир уулу: «ПРЕЗИДЕНТ ӨЗҮ ОШКО КӨЧҮШҮ КЕРЕК»

“Түштүк кооптуу абалда турат, андыктан президент өзү резиденциясы менен Ошто отурушу зарыл”,- дейт Турсунбай Бакир уулу. Анын айтымында, борборду Ошко көчүрүү маселеси мурунтан көтөрүлүп келген, эми ага чындап убакыт жетти. “Бүгүн Ошту жалаң эле өзбек менен орустар эмес, кыргыздар дагы таштап кетишүүдө. Шаар чөлгө айланып калбаш үчүн ушундай чечимди кабыл алуу керек”,- дейт ал. Элчи мырза Бишкек шаарын Кыргызстандын маданий жана илимий борбору катары калтыруу зарыл деген пикирде.
Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Турсунбай Бакир уулу атайын “ЭрК” ("Эркин Кыргызстан") саясий партиясынын 11-июлдагы жыйынына катышуу үчүн келген. Жыйында аны партиянын төрагалыгына кайра келүү сунушу айтылган. Андан сырткары элчи мырза партияны парламенттик шайлоого даярдамакчы.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 402, 16-22-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан