102 билдирет
АТАЙЫН ДАЯРДЫКТАН ӨТКӨН ТЕРРОРЧУЛАР КАРМАЛЫШТЫ
Июль айынын башында ИИМге Тажикстандын Кожент шаардык ИИБинде тиешелүү документтери жок, өздөрүн “кыргызстандыктарбыз” деген эки киши камакта экендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Сүйлөшүүлөрдөн соң экөө Баткен облустук ИИБине которулган. Иликтөөлөрдөн улам алар террорчу “Ислам жихад уюмунун” активдүү өкүлдөрү экени жана 2007-2008-жылдары Пакистандын Вазиристан аймагында согушчандардын лагеринде даярдыктан өтүшкөнү такталды.
Камактагылардын бири Базар-Коргон районунун тургуну, 33 жашта. Буга чейин укук коргоо органдары тарабынан издөөгө алынган адам. Ал эми экинчиси Өзбекстандын Ханабад шаарынын тургуну, 30 жашта. Бул жаран да “Вахабийлер” уюмунун өкүлү катары бир нече кылмыштарга айыпталып, өзбек тартип сакчылары тарабынан издөөдө болчу.
Пакистанда даярдыктан өткөн 6 адам Ооганстан аркылуу Тажикстанга өтүп, анын борбору Дүйшөмбүдө майда топторго бөлүнүп кетишкени, кармалган экөө ошол топтон келе жатышканы маалым болду.
ТОНООЧУЛУК МЕНЕН АКЧА ТАБУУГА КЫНЫК АЛЫШЫПТЫР
Бишкек шаарындагы Октябрь райондук милиция бөлүмүнө Көк-Жар айылынын тургуну кайрылган. Ал 28-июнда таңга жуук бет кап кийген кылмышкерлер үйүнө кирип коркутуп, тоноп кеткендигин айтып арыз жазган. Аялдын айтымында, каракчылар курал такап коркутуп, 700 000 сом, 400 доллар акчасын жана эки уюлдук телефонун тартып алып кетишкен. Иликтөөлөрдөн улам шектүү адамдардын изине чыккан кылмыш иликтөөчүлөр баш калаадагы жаңы конуштардын биринде жашаган төрт адамды кармашты.
Шектүү катары суракка алынып жаткан бул төртөөнүн Аламүдүн районунун Маевка айылында болгон кылмышка катыштыгы бар деген шек жаралууда. Алсак, ушул эле жылдын июнь айында аталган айылдын тургуну милицияга кайрылган. Ал 24-июндун түнүндө бет кап кийген 5 жигит үйүнө капыстан кирип келип, курал менен коркутуп 900 000 сом, 2000 доллар акчасын жана алтын буюмдарын тартып алып кетишкендигин билдирген. Учурда камакка алынгандар сурак беришүүдө.
“КУМ-ТӨРДҮН” АВТОУНААЛАРЫН АЙДАЙ КАЧЫШЫПТЫР
Даңазалуу “Кум-Төр” компаниясынын эки автоунаасын бирөөлөр уурдап кетишти. Фирманын коопсуздук кызматынын өкүлү милиция бөлүмүнө эки автоунаа уурдалгандыгын айтып кайрылган. 9-июлдун түнүндө компаниянын авто токтотуучу жайынан Форд-Пикап жана “вахтовка” КамАЗы уурдалган эле. Кылмышка шектүү эки адам Тамга айылынан кармалды. Алардын бири “Кум-Төрдөгү” фирмалардын биринде иштей тургандыгы аныкталды.
ЖАҢЫ ТӨРӨЛГӨН БАЛАСЫН ТАШТАЙ КАЧКАН ЭНЕ ИЗДЕЛҮҮДӨ
Талас райондук милиция бөлүмүнүн инспекторлору жаңы төрөлгөн ымыркайын таштай качкан энени издешүүдө. Жон-Арык айылындагы үйлөрдүн биринин алдына 9-июль күнү таңга жуук бирөө жаңы төрөлгөн эркек баланы таштап качып кеткен. Ымыркайды таштай качкан энени милиция кызматкерлери жакынкы күндөрү таап, жоопко тартышат.
АК-КУДУКТА ӨРТ ЧЫКТЫ
Ысык-Ата районунда чоң өрт чыккан. Маалыматтарга караганда, 13-июль күнү саат 15:30дарда Ак-Кудук айылында буудай аймагы өрттөнүп кеткен. Өрт чыккан жерге жетип келген өрт өчүрүүчүлөр эки жарым саат дегенде алоолонгон жалынды өчүрүшкөн. Натыйжада, 5 гектар жерге айдалган буудайдын бардыгы күйүп кеткен. Өрттүн эмне себептен чыккандыгы учурда текшерилүүдө.
КИЧИНЕЛЕРГЕ ШИРЕҢКЕ КАРМАТПАГЫЛА!
Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында жайгашкан жеке менчик үй өрткө дуушар болгон. Бактыга жараша, үй ээлери аман калышкан. Ошондой эле окуя Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жайгашкан Найман айылында болуп өткөн.
Р.Мааданбеков аттуу тургундун эки кабаттуу үйүнүн 52 чарчы/метри күйүп кеткен. Божомолдорго караганда, кичине бала ширеңке чагып, өрттүн чыгышына себепкер болгон.