Актриса Елизавета Боярская турмушка чыгууга камынып жатат. Анын ак боз ат минген ханзаадасы ким дебейсизби? Айтпайм, ой, “Айтпайм” (“Не скажу”) тасмасында сүйгөн жигитинин ролун аткарган Максим Матвеев. Максимдин тасмадагы сүйүүсү жашоого да өтүп кеткенби, айтор, аялы менен ажырашып, Лизанын колун сураган. Боярская махабатына жок дей алган жок.