Борончу Кудайбергенов:
– Чындыгында менин чөнтөгүмдө дайыма 500-600 сом жүрүүсү керек. Себеби, машинага май куйганга, токтоткон жердин акысына, курсак ачса тамактанууга жана башка майда-чүйдөлөр үчүн четинен керектеле берет. Бирок, азыр чөнтөгүмдө 100 эле сомум бар экен.Күмөндөр Абылов:
– Канча акча бар дейсиңби? Менде жарыткан деле акча жок. Болгону 200 сомум бар. Аны каным катып суусап кетсем суусундук ичейин, машинамды атайын жайга токтотууга туура келсе, анын акысына берейин деп алып алгам. Негизи, менин чөнтөгүмдө майда акчалар деле жүрө берет. Себеби, башкаларчылап тамеки чекпейм, ошондуктан, акчам жөнү жок коробойт.
Жеңишбек Токтобеков:
– Негизи, ар бир жигиттин чөнтөгүндө жок дегенде 10 сом жүрүүсү шарт. А меникинде 185 сом бар экен. Машина айдап жүргөндүктөн, дайым чөнтөгүмө акча салып жүрөм. Жол жүрүүдө кандай болуп кетет ким билет, туурабы? Балким, машинанын майы түгөнүп калат же бузулуп калат дегендей. Ошондуктан, машинамдын “аба-ырайына” карап, чөнтөктөн акча үзбөгөнгө аракет кылам.
Асылбек Өзүбеков:
– Мына, өзүң көргөндөй 817 сом болду. Чөнтөккө күнүмдүккө деп салган акчаларым майда-чүйдөмө, тамекиме жарайт. Бирок, азыр кулисада концерт бүткөндөн кийин “бирдеме деңиз” деп жана тамашалап калган Сакиш менен Гүкүш ыктытып коюп күтүп турушат. Атаңкөрү, көздөрү эле кылгырат! Эмне кылам, акыры көнөм да. Эми алар бул акчанын канчасынын түбүнө жетишет билбейм...
Асел Турдалиева:
– Мен азыр жаныма көп акча салып жүргөндөн аябай коркуп калгам. Себеби, бая күнү көчөдөн сумкамдан 22 миң сомумду алдырып жиберген элем. Ошондон бери “сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет” болуп коркуп калдым. Азыр жанымда 1 доллар, анан 118 сом акча бар экен. Муну суусап кетсем суусундукка, бир нерсе жегим келип кетсе ага керектейин деп салып алгам.
Жакут Сыдыков:
– Негизи эле мен жол киреден тышкары чөнтөгүмө ашык акча салбайм. Кудайга шүгүр, азыр менде 150 сом бар экен. Бул менин күндүзү тамекимден, жол киремден ашканы. Бирок, анан үйгө кетип жатып да эртеңкинин камын көрүп тамеки алуум керек. Калганы маршрутка жок болуп калса, таксиге коромокчу.
Даярдаган Рахбар Алымкулова