Учурда көпчүлүк жаштардын купулуна толгон орус рэппери Тиматини биз “Фабрика звёзд-4” теледолбоорунан кийин гана тааный баштадык. Бирок, таланттуу ырчы Тима буга чейин эле “VIP 77” долбоорунун катышуучусу катары эл алдына чыгып, өз өлкөсүндө атын чыгарууга үлгүргөн. Ырчынын таанымал болгонго чейинки турмушу күйөрмандары үчүн кызыктуу экендигинде талаш жок.
БАЛАЛЫК
Тимати (Юнусов Тимур Ильдарович) 1983-жылы 15-августта Москва шаарында төрөлгөн. Атасы еврей, апасы татар улутунун өкүлдөрү. Эң кызыгы, Тимати ата-энесинин тун уулу болгонуна карабастан күтүлбөгөн наристе катары төрөлгөн. Алтургай көпчүлүк: «Тиманын апасы кошбойлуу кезинде болочок ырчы уулун боюнан алдырып салуу үчүн бир канча ирет доктурларга кайрылган»,- дешет. Бирок, түрдүү себептерден улам Тиманы жарык дүйнөгө алып келүүгө аргасыз болгон. Кичинекей Тимур балалыгында тартиптүү болгондуктан, апасы жокто иниси Артёмго тамак берип, үйдө чоң баланын ролун жакшы аткарчу. Ата-энеси башынан эле бай адамдардан болушкан. Ошого карабастан уулу Тиманы кичинекейинен эле өз алдынча болууга тарбиялашып, окуучулук кезинде эле түнкү клубдарда ырдап акча табууга уруксат беришчү. Мунун жыйынтыгында Тимурдун музыка жаатында такшалып, ырчылык жолду тандап алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
АТАКТУУЛУККА ЧЫЙЫР САЛУУ
Тимати рэп ырчысы катары мектеп сахнасында эле эл алдына чыга баштаганы менен бүткүл Орусияга жана КМШ өлкөлөрүнө 2004-жылдан тарта белгилүүлүккө кадам таштаган. Ага чейин Тимати белгилүү рэп ырчысы Децл менен биргеликте ырдачу. Өз талантына ишенген ырчы тез аранын ичинде жаңы жылдыздарды жандырган “Фабрика звёзд” теледолбооруна катышууга 2003-жылы киришкен. Тилекке каршы, бул долбоордун 3-чыгарылышындагы калыстар тобу Тиманы кабыл алуудан баш тартышып, «дагы даярданышың керек» деген жооп менен узатып коюшкан. Көшөргөн Тима долбоорго кайра кийинки жылы катышып, жеңүүчүлөрдүн катарына кошулган. Натыйжада, баарыбызга белгилүү болгон “Банда” (Тима, Кочеткова Анастасия, Ратмир Шишков, Доминик Жокер) тобунун солисти катары ырдап чыгат. 2005-жылы топтун “Новые люди” аттуу альбому жарык көрүп, андагы «Плачут небеса», «Ты нужна мне», «Банда» деген ырлары тез аранын ичинде хит ырлардын катарына кошулат. Бирок, былтыркы жылы топтун дагы бир солисти Ратмир Шишковдун автокырсыктан каза болгонуна байланыштуу «Банда» тобу таркап кеткен. Учурда Тимати жеке ырчы.
ТИМАТИ – БЕЛГИЛҮҮ БИЗНЕСМЕН
Жаш ырчы Тима бир гана чыгармачылык менен эле чектелип калбастан, Орусияда бизнесмен катары да белгилүү. Анын Москва шаарындагы «Black club» деп аталган түнкү клубу, «Black october» деген рестораны, «Black star by TIMATI» кийимдер линиясы, мындан тышкары, жеңил машиналарды саткан чакан компаниясы, спорттук клубу, музыкалык залы, бир нече кийим саткан дүкөндөрү жана башка бир топ менчик ишканалары бар. Өзү туулуп-өскөн Москва шаарында 3 квартирасы, шаардын четинде аянты 70 чарчы метрди ээлеген үйү бар. «Эгер менин үйүмө мени тааныбаган эле бирөөнү киргизип, «бул жерде ким жашайт?» деп сураса, ал дароо эле «бойдок ырчы жашайт» деп жооп бермек. Анткени, үйүмдү толук бойдон өзүмө ылайыкташтырып жасап алгам. Мисалы, балдар бөлмөсү деген жок. Ашканам болсо жөпжөнөкөй. Бирок, түрдүүчө жасалгаланган үч уктоочу бөлмө бар. «Үйүмдө жуунуучу бөлмө жок» десем, көптөр: «Ошол үчүн сакалың өсүп кетиптир да»,- деп күлүшөт. Бирок, мен жуунуучу бөлмөдө эмес, мончодо жуунганды жактырам. Андыктан, үйүмдүн ичинде мончо бар. Бирок, мен ал жакка эч качан жалгыз кирбеймин”,- дейт өзүнүн жашаган үйү туурасында ырчы. Ырчы үйлөнгөн соң бул үйдө турбасын жана үйбүлөсүнө ылайыктуу башка үйгө көчөөрүн жарыялап келет. Ал эми байлыгы туурасында: “Кээде бай, белгилүү бизнесмен болгонумдун зыяны да тийбей койбойт. Бир жолу белгисиз бирөөлөр ырчыдан көп суммадагы акча талап кылышып, “бербесең жакында өлөсүң” деген тоголок кат ташташкан эле. Бактыга жараша, жолугушууну талап кылышпай бир айча коркуткан каттарды жазышып, телефон чалып жүрүп кийин өздөрү тынчып калышкан”,- дейт Тимати.
АКТЁРДУК ЧЕБЕРЧИЛИГИ
2006-жылы Тимати Орусияда жана КМШ өлкөлөрүндө көпчүлүктүн суроо-талаптарына жооп берген “Аптап” тасмасында роль жаратты. Андан көп узабай эле учурдун жаштары сүйүп көргөн “Клуб” телесериалына тартылып, таланттуу актёр экендигин да даңазалай алган. Белгилүү режиссёрлор Тиманын аткаруучулук талантына гана баа бербестен, анын жагымдуу үнүнө да кызыгышып, “Толкунду тос!” мультфильминин орусча котормосунда сүйлөп берүүсүн суранышкан. Мультфильмдеги башкаарман Кодинин үнү Тиматиге таандык. Андан тышкары, «орусиялык элитанын эрке кызы Ксения Собчак менен бирге порнотасмага тартылган» деп да айтып жүрүшөт. Бирок, бул маалыматты “баш каармандар” тастыкташкан эмес. Тима актёрдук талантын мындан ары да өркүндөтүү максатында жаңы тасмаларга тартылууну көздөп жүрөт.
СҮЙҮҮ, СҮЙҮҮ, СҮЙҮҮТимати балалыгынан бери эле сүйүүдө туруксуз адамдардын катарында экендигин жашырбайт. Ал эң алгачкы жолу 3-классында өзүнөн эки жашка улуу Лена аттуу кызга ашык болгон. Ырчы андан кийинки сүйүүлөрүн эстей албаганы менен мектепти бүтөөр жылы кыз-жигит катары сүйлөшүп жүргөн сүйгөнү Анастасияны унута албасын моюнуна алат. Тима Настя менен эки жылга жакын убакыт жолугушуп жүргөн. Бул жылдары Настя Тиматинин ата-энесинин алдында аларга болочок келини катары сый-урмат көрсөтчү. Бирок, кийин Настя ырчынын тегерегинде жүргөн көп кыздардан кызганганынан экөөнүн мамилелерине чекит коюлган болчу. Тимати “Фабрика звёзд-4” теледолбоорунан бир гана атактуулук таппастан, сүйүү да тапкан. Өзүнөн 5 жаш кичүү ырчы Алекса экөөнүн мамилеси туурасында баары билишсе керек. Бир топко чейин кол кармаша чогуу жүргөн жылдыздар кийин: “Биз бактыбызды башка жолдон издөөнү чечтик. Канча ирет таарынышып, кайра табышып жүрүп бирге боло албашыбызга көзүбүз жетти”,- деген билдирүүлөрдү таратышкан соң ажырашып кетишкен. Андан кийин Тимати менен Ксения Собчактын ортосундагы мамилелер эл арасында талкууга алына баштаган. Ал гана эмес, Ксения Тиматини “болочок күйөө балаңар” деп апасы менен тааныштырганы да маалым болгон эле. Эмнегедир ырчынын бул сүйүүсү да акырына чыкпай, азыркы тапта «Орусиянын белдүү саясатчысынын 18 жаштагы кызы менен сүйлөшүп жүрөт» деген жаңылыктар чыга баштады.
Даярдаган Чолпон Сүйүнбаева