Съездбек Искеналиев менен жубайы 2-август күнү удаа келген туулган күндөрүн көл жээктей, ысык кум үстүндө өткөрүштү. Баарынан кызыгы, туулган күндү бир эле жолу майрамдачу эле, а бул жубайлардын жеке майрамдары 3-4 күнгө созулууда. Анткени улам бир досу куттуктап келе берип, экөөнүн жайыл дасторкону жыйылбай жаткан экен. Ырчы тамашалай “30 жашым күзүндө концерт менен жыйынтыкталат окшойт” дейт. Баса, ырчыга келинчеги өрүк комуз белек кылды.