ЭКИ АЙ ӨТПӨЙ ТҮШТҮКТӨ КОМЕНДАНТТЫК СААТ АЛЫНДЫ

Кыргызстандын тарыхындагы кандуу окуялардын катарына июнь айындагы Ош окуясы жазылып калары шексиз. Расмий маалыматтарда бул кан төгүүдө 300дөн ашуун киши каза тапты делингени менен, эл арасында 2 000ге чукул адам көз жумганы айтылып келет. Мындан 20 жыл мурунку Ош окуясынын жарааты жылдар бою айыкпай, эки улуттун ортосунда тымызын тирешүүлөр болуп келген эле. Эми ал жарааттын оозу ачылып кетти. Андыктан аптанын башында бийлик тарабынан түштүктөгү коменданттык сааттын алынып салышы карапайым калктын арасында кооптонууну пайда кылды. Оштун тургундары «аскерлер кеткенден кийин жашыруун өч алуу башталат» деп чочулашууда. Ал эми кээ бир серепчилер бийликтин бул кадамын “мөөнөтүнөн эрте” деп баалашты.
Коменданттык сааттын алынышына парламенттик шайлоонун расмий күнүн жарыялоо себеп болгон. Анткени өлкөнүн айрым аймактарында өзгөчө кырдаал болгондуктан, шайлоо күнүн жарыялоого мүмкүнчүлүк болбой жатты. Өкмөттүк басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Ош жана Жалал-Абад облустарында абал тынчып калганы үчүн кайрадан өзгөчө кырдаал киргизилбейт.
Бирок көп өтпөй президент Роза Отунбаеванын бардык мамлекеттик мекемелердин өзгөчө режимде иштөөсү керектиги тууралуу документке кол койгону белгилүү болду. Ага ылайык, бардык мамлекеттик мекемелер 11-август, таңкы саат 6:00дөн баштап күчөтүлгөн режимде иш алып барышмакчы. Өзгөчө Чоң Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн, Сузак райондору жана стратегиялык жайлар катуу кайтарууга алынат.
Албетте, бул талаптын жөнү бар экени анык. Бирок калкы жыш жайгашкан Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кырдаал турукташып калганы менен, эки ай өтпөй коменданттык сааттын жоюлушун колдогондор да, ага каршы чыккандар да болууда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 406, 13-19-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан