“АКШ Кыргызстанда экинчи аскердик базасын түзүү үмүтүнөн кайта элек”,- деп “Washington Рost” гезити жазып чыккан. Бирок ошол замат КРнын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы: “Кээ бир чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарынын Кыргызстанда АКШнын аскердик майдан ачуу жөнүндө кабары чындыкка дал келбейт”,- деп жарыялады. Алардын айтымында, чынында, өлкөнүн түштүгүндө аскер кызматкерлери үчүн машыгуу борборун куруу жөнүндө сөз жүрүп жатат. Анын каражатын кайтарымсыз түрдө америкалыктар каржыламакчы.
Ал эми АКШнын Кыргызстандагы элчиси Татиана Гфэллер: “АКШнын Кыргызстанда жана Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүндө эч кандай аскердик майдан ачуу пландары жок”,- деп гезиттин маалыматын жокко чыгарды.
Буга чейин экс-президент Курманбек Бакиевдин бийлигинин учурунда баңгизат менен күрөшүү боюнча иштеген кыргызстандык кызматкерлерге түштүктө машыгуу борборун ачуу жөнүндө сүйлөшүүлөр жүргөн. Өз учурунда бул маалымат Орусияда түрдүү талаш-тартышты жараткан.