КАЙРАДАН УН КЫМБАТТАЙБЫ?

Быйылкы жылы жагымсыз аба ырайынын айынан республикада дандын түшүмү аз болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу КРнын Өкмөтү маалымат таратты. Алдын ала берилген маалыматтар боюнча, 870 миң тонна буудай орулуп алынышы ыктымал. Калктын керектөөсү орточо эсеп менен 1,1 миллион тоннаны түзөт.
Ал эми дүйнөлүк рынокто данга болгон баа күн санап жогорулоодо. Быйылкы жылы түшүмдүн аз болушуна кургакчылык жана жайдын өзгөчө ысык болгондугу таасирин тийгизген. Данды сыртка ташуучулардын тизмесинде үчүнчү орунда турган Орусия өткөн аптада өлкөсүнөн данды жана унду алып чыгууга убактылуу тыюу салган.
Ошентип, мындан 2-3 жыл мурун ундун кымбаттаган толкунуңжакынкы айларда кайтып келиши ыктымал.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 406, 13-19-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан