Нурлан Шакиев: «БҮТҮН КЫРГЫЗСТАН” БҮЛҮНБӨЙТ»

Жалпыга маалымдоо каражаттарында акыркы күндөрү Адахан Мадумаров өзү жетектеген “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан башкага кетери же “Жаңы Кыргызстан”, “Ак жол” сыяктуу партиялар менен биригип шайлоого барары тууралуу маалыматтар тараган. Бул кабарлардын чын-төгүнүн аныктоо үчүн “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Нурлан Шакиев менен байланыштык.
Ал: “Ооба, ушуга окшогон элдин башын айланткан маалыматтар көп таркатылып жатат. Партиянын мүчөлөрү да буга беймаза болушууда. Биз эч бир партиянын курамына кошулбайбыз. Бирок биздин туубуздун алдында шайлоого барам деген партияларга эшигибиз ачык. Буга чейин “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 3-4 партия бириккен. Жакынкы күндөрдө дагы аттуу-баштуу 2 партия кошулганы турат”,-деп билдирди. Эскерте кетсек, аталган партия 2006-жылы түзүлгөн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 406, 13-19-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан