Биз социалдык тармакта

БЕКНАЗАРОВ БИЙЛИКТЕ ЭЛЕ КАЛУУНУ ТУУРА КӨРДҮ

Жакында кызматтан кетерин жарыялаган Азимбек Бекназаров соңунда Убактылуу өкмөттө калууну чечип, президент Роза Отунбаевага укуктук маселелер боюнча жардам берүүнү туура көрдү. Ал өз чечимин: “Бул менин милдетим. Биринчиден, УӨнүн көптөгөн максаттары жана милдеттери аягына чыга элек, чечилбеген иштер да бар. Экинчиден, мен адилеттүү жана таза шайлоону өткөрүү үчүн калып жатам”,- деп түшүндүрдү.
Эң маанилүүсү, Азимбек Бекназаров вице-премьер-министр болуп дайындалганын билдирди. Мындай буйрукка президент Роза Отунбаева ошол эле күнү кол койгондон кийин Азимбек Бекназаров, мыйзамга ылайык, партия башчылыгынан кеткендигин жарыялады. Бирок 7-августта “БЭК” партиясынын кезектеги курултайында партиянын лидери болуп тандалган эле. Бул партия шайлоого катыша тургандыгын да билдирген.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Ceed
2010-08-19 13:56:15
Мен ушул боюнча бир макалада комментария жазган болчумун, бул бийликтен кетпейт, ачууга коюлган иштери ачылбай жатат, деп бийликте калуу амалын издейт дегем.
0
№ 406, 13-19-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан