Жергиликтүү кабарлардан
9-августта ЖКнын атайын залында улуттук курама командабызды өспүрүмдөр арасында олимпиадалык оюндарга узатуу салтанаты болуп өттү. Ага президент Роза Отунбаева, УОКтун президенти Мурат Саралинов, Дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Алмаз Касеновдор катышты. Чогулгандар жаш спортчуларга ийгилик каалап, жеңиш менен кайтышына тилектештигин билдиришти.
Дүйнөлүк Олимпиада өспүрүмдөр арасында биринчи жолу уюшулуп жатат. Ал 10-26-август күндөрү Сингапурда өтүп, ага 14төн 18 жашка чейинки өспүрүмдөр катышат. Мелдеште дүйнөнүн төрт бурчунан келген 3500 өспүрүм спорттун 30 түрү боюнча күч сынашат. Ага катышууга 8 мекендешибиз жолдомо жеңип алган. Алар – Шадыбек Сулайманов (салмагы – 50 килограмм, спорт түрү – грек-рим күрөшү), Урматбек Аматов (58, грек-рим күрөшү), Исломжан Далибаев (69, бокс), Ильяс Бактыбеков (беш түрлүү көнүгүүлөрдөн турган спорттук мелдеш), Дмитрий Александров (сууда сүзүү), Екатерина Лысенко (сууда сүзүү), Болотбек Токтогонов (90, дзюдо), Руслан Молтаев (калакчан кайыкта жарышуу).
Мелдештин алдынан 1-орун үчүн 10 миң, 2-орун үчүн 7 миң жана 3-орун үчүн 5 миң доллар сыйлык убада кылынгандыгы тууралуу маалымат тараган эле. Бирок бул маалымат тастыкталган жок. Өкмөттөн алдын-ала гонорардын өлчөмү ачык айтылбаса да, бир да жеңиш сыйлыксыз калбастыгы кабарланды.