Өткөн сандарыбызда айткандай, алыскы Алтай жергесине кыргыздын кырк уруусунан кырк жигит 8-август күнү автоунаалар менен жөнөп кетишти. Кырк азамат Манас бабабыз басып өткөн жол менен Кыргызстанга 30 күндүн ичинде атчан келишет. Ал эми бул азаматтардын арасында өзгөчө стилдүү, “Супердин” 2009-жылдагы тандоосу боюнча "Жыл жаңырыгы" наамынын ээси, этноакын Тата Улан да бар. Уландын көксөгөн тилеги оңунан чыгып, саруу уруусунун атынан жүрүшкө жөнөп кетти. Кыргыздын ата салтын кадырлап алыс сапарга аттанган кыраандардын аман-эсен кайтып келишине тилектешпиз.