Нарын жергесин жакында күлкү майрамы каптап, чукугандай сөз тапкан куудул Куйручук атанын 145 жылдыгына арналган “Куудулдар-2010” фестивалы болмок. Аталган сынактын өтпөй калганын уюштуруучулардын бири Борончу Кудайбергенов кабарлап, катышуучулардан жана жалпы журттан кечирим сурады. Бул сынактын болбой калганын Борончу мырза мындайча баяндайт.
“Даярдыктардын 90 пайызы бүтүп калган эле. 1 миллиондон ашык акча жыйналып, анын 200-300 миңи ар кандай чыгымдарга кеткен. Мына-мына башталат деп турганда бут тосуулар пайда болду. Баарынан да колдойт деген Нарын элинин айрым “дежур” аксакалдары борборго чейин келип отурушуп, акыры сынакты өткөртпөй тынышты. Анысы аз келгенсип бизди бир партия колдосо, кийинкилери бут тосуп дегендей... Мүмкүн, бир партиянын ысымы аталып кетет дештиби же сатирасында куудулдар саясатты сындайт дештиби, айтор, болбой калды. Кимдер бут тосконун кабарлабай эле коёюн, буюрса, сатиралардан көрө аласыңар”,- дейт капа болгон куудул.