102 билдирет
БАКИЕВЧИЛЕР КАРМАЛЫШТЫ
10-август күнү Бишкек шаарында мурунку премьер-министр Игорь Чудинов кармалды. Эсиңиздерде болсо, ага карата "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деп кылмыш иши козголгон.
Ошондой эле Казакстан менен Кыргызстандын чек арасында К.Б. аттуу жигит кармалды. Кылмышка шектүү деген жигит "10-17-апрель күндөрү Санжар Бакиевдин тапшырмасы менен Жалал-Абад облусунун администрациясын талкалоого катышып, элге карай ок аткан" деп шектелүүдө. Буга чейин жашырынып жаткан К.Б. Казакстан аркылуу качуу максатында бара жатканда УКМКнын кызматкерлери колго түшүргөн. Учурда бул кылмыш иштери тергөөдө.
АЙДООЧУ, МАШИНАНЫ ОҢДОП АЙДА!
Бишкек-Чалдыбар жолунда жүргүнчүлөрдү алып келе жаткан Мерседес үлгүсүндөгү рейстик маршрутка кырсыкка кабылды. Катуу келе жактан машина даракка урунуп, анда 9 адам жабыркаган. Ал эми эки адам ошол жерден көз жумган. Экспертизанын негизинде маршрутканын техникалык жактан бузук экени далилденген. 2 өмүрдү кыйып, 9 адамга залал келтирген рейстик маршрутканын айдоочусуна кылмыш иши ачылды.
КҮЙӨӨСҮН ӨЛТҮРҮП, АЯЛЫН АРАҢ ЖАН КЫЛЫП...
7-август күнү Бишкек шаарынын 4-кичирайонунда жайгашкан үйлөрдүн тепкичинен адамдын өлүгү табылган. Денесине бир канча ирет бычак сайылган адам ошол эле үйдүн тургуну экен. Кырсык болгон жерге келген Октябрь РИИБинин кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Каза болгон адамдын аялы да оор абалда ооруканага жеткирилген.
Эки бирдей адамды өлтүрүүгө аракет кылган 27 жаштагы А.С. аттуу жигит чек арадан чыгып бара жаткан учурда колго түштү. Ал чыр акчадан улам чыкканын айтып берген.
КУРАЛЧАНДАР КӨБӨЙДҮБҮ?
Ысык-Ата районунун Ивановка айылында Мерседес Бенц автомашинасы токтотулуп, тинтүү кезинде ичинен 60 патрону менен Калашников автоматы жана граната табылган. Милиция кызматкерлеринин айтымында, бул куралдар Урмат Барыктабасовдун жактоочуларына тийиштүү болгон. Учурда бул иш тергөөдө.
ЗОРДУКЧУГА АМАЛ ЖОК
Учурда күчүн кайда чыгарарын билбей жүргөн эргулдар да жок эмес. Кечке маал баш калаанын Ахунбаев көчөсүндө жалгыз бара жаткан 26 жаштагы кызды азиат улутундагы эки жигит күч колдонуп зордуктап кетишкен. Кыз оор жаракат алып, ооруканага туш болгон. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, зөөкүрлүк кылган эки жигиттин бири кармалды.
БАҢГИЗАТ МЕНЕН КАРМАЛДЫ
Коомдун башкы маселеси болгон баңгилик дагы деле өз күчүндө. 8-август күнү кечки саат 20:00дө Ош облусунун Өзгөн районунан чыгып келе жаткан бир адам кармалган. Анын жанынан целлофан баштыкка салынган 5 килограмм гашиш табылган. Кылмышка шектүү адам Кызыл-Кыянын 39 жаштагы тургуну экени маалым болду.
101 билдирет
ЧӨПТӨН БАШТАЛГАН ӨРТ КОНТЕЙНЕРГЕ ЖЕТКЕН
10-август күнү Бишкек шаарындагы Бах көчөсүндө жайгашкан үч контейнер өрттөнүп кеткен. Бул контейнерлер “Строй партнёр” ЖЧКсына тиешелүү эле. Аянты 250 чарчы метр болгон аянт толук күйүп, контейнердин биринде пенопласт, экинчисинде ламинат, үчүнчүсү бош болгон. Көрсө, жакын жайгашкан “Аккула” ат майданында кургак чөп күйүп, ал өрт контейнерлерге жармашыптыр.
ДҮКӨНДӨГҮ ӨРТ
Бишкек шаарынын Жибек-Жолу көчөсүндө жайгашкан эки дүкөнчө өрттөнүп кеткен. Алардын биринде кийим-кече, экинчисинде азык-түлүктөр сатылчу.
ЧӨП КИМГЕ ЗЫЯН КЫЛДЫ?
9-августта Ош облусунун Куршаб айылындагы көчөлөрдүн биринде токтоп турган ГАЗ-52 үлгүсүндөгү автоунаа өрткө кабылган. Машинанын прицебинде 350 таңган чөп бар эле. Бул чөпкө ким өрт койгону учурда териштирилүүдө.