АПТА ХРОНИКАСЫ

102 билдирет

ЭКС-ГУБЕРНАТОР ЭМНЕДЕН ЖАЗДЫ?
13-август түнү болгон бул окуя коомчулукта чоң резонанс жаратты. Нарын облусунун экс-губернатору Тынчтыкбек Чекиевди Жал айылындагы өз үйүнөн белгисиз беш адам атып кеткен. Мурдагы губернатордун өзүнө гана эмес, анын жубайына да ок жаңылып, ооруканага оор абалда жеткирилген. Ал эми өзү ооруканадан каза болгон.
Тынчтыкбек Чекиев губернаторлук кызматты 2009-жылдын ноябрынан 2010-жылдын мартына чейин аркалаган. Андан кийин эч жерде иштеген эмес. Каргашалуу кечтен мурун ал номуру жок кара түстөгү Мерседес үлгүсүндөгү автоунаа артынан аңдып жүргөнүн билдирген.
“Белгисиз адамдардын бул жоругу тоноочулукпу же буйрутма киши өлтүрүүбү?” деген жоромолдор болууда. Бул кылмыш иши боюнча кененирээк маалыматты эмки сандарыбыздан окуй аласыздар.

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧАТАГЫ ОРУСИЯДА
17-август түнү Орусиянын Волгоград шаарында кыргыз жигит менен өзбек жигит чатакташып кетишкен. Кыргыз жигит көп жеринен жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
Орусиянын милиция кызматкерлери кылмышкердин изине түшүп, тез эле аны кармашкан. Иликтөөнүн жүрүшүндө мекендешибизди өзбек улутундагы эки жигит сабаганы аныкталган. Азырынча экөөнүн бири – 42 жаштагы өзбек киши кармалып, сурак берип жаткан кези.

ТРАНССЕКСУАЛ ЗОРДУКТАЛЫП...
Жынысын өзгөртүүнү максат кылып барган кыргыз атуулу Москвада зордукталган. Анын айтымында, эки адам ага күч колдонуп, жыныстык катнашка барууга мажбурлашкан. Кызча кийинип, кызмын деп таанышкан жабырлануучунун паспортун карай келгенде жынысы эркек экени белгилүү болгон.
Учурда экөөнү кармоо иштери жүрүп жатат. Бул боюнча Орусиянын укук коргоо кызматкерлери иш алып барышууда.

КУРАЛДЫ ЭМНЕ МАКСАТТА САКТАГАН?
Октябрь РИИБинин кызматкерлери Ысык-Ата районунун тургуну А.Кны кармашкан. Анын жанынан 6 огу менен Макаров тапанчасы жана бет кап табылган.
Мыйзамсыз курал колдонуп жүргөн бул адамдын аркасында башка кылмыштар бар экени божомолдонууда. Азыр кылмыш иши козголуп, анын 3 шериктеши да изделүүдө.

КАПЧЫКТЫН АЙЫНАН КАПКАНГА ТҮШҮП...
Коррупцияга каршы иш жүргүзгөн Чүй облусунун ИИБинин кызматкерлери кызмат абалынан пайдаланган адамды кармашты. Сокулук районунун Мамлекеттик каттоо кызматкери 5000 сом пара алып, мыйзамсыз түрдө документ жасап жаткан учурда кармалган.

101 билдирет

САУНА КҮЙҮП КЕТТИ
16-августта Бишкектин Тынчтык проспектисинде жайгашкан сауна өрткө дуушар болгон. Сауна П.Костроминге таандык экен. Өрттүн натыйжасында саунанын бардык инвентары жана 50 чарчы метр аянт күйүп кеткен. Өрттүн эмнеден келип чыкканы такталып жатат.

МИНИСТРЛИККЕ КАРАШТУУ АЙМАК ӨРТТӨНДҮ
18-августта Бишкектин Фрунзе көчөсүндө жайгашкан Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Республикалык агрохимиялык жер иштетүү станциясында өрт чыккан. Өрт 60 чарчы метр аянтты жалмап, анын натыйжасында кургак чөп өрттөнгөн. Өрт тамекинин күлүнөн чыккан.

ӨРТКӨ ЖАШ БАЛА СЕБЕПЧИ
Ноокат районунун Чапан-Жер айыл өкмөтүнө караштуу жерде жайгашкан бастырма толук күйүп кеткен. Жалпы аянты 96 чарчы метр жыгач устундуу бастырмада 200 таңгак чөп жыйылган. Өрттүн натыйжасында бардыгы жок болгон.
Бул жерде кичинекей Муктар уулу Адилет колундагы ширеңке менен ойноп жатып, андан тутанган учкун өрткө айланган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 407, 20-26-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан