Албетте, бардык эле түш реалдуу жашоо менен төп келе бербейт. Ошентсе да секс түштөрдү көрсөңүз, анын эмне маанини түшүндүрөөрүн чечмелөөгө, ошого жараша иш-аракет кылууга далалат кылсаңыз ашыкча эмес. Себеби, бул сүйүктүүңүз экөөңүздөрдүн ортоңуздардагы мамиленин андан ары да ойдогудай өнүгүшүнө салым кошушу мүмкүн. А эгерде түшүңүздү чечмелей албасаңыз, анда төмөнкү макалага көз жүгүртүңүз...
1. Ийгиликсиз секс. Кээде түшүңүздө карама-каршы жыныстагы адам менен төшөк кумарына баткыңыз келип, бирок, ал аракетиңиз эмнегедир ишке ашпайт. Мисалы, жаңы эле “иш” башталаарда кимдир-бирөө келип калат же керебет сынат... Мындай түш көргөнүңүздүн себеби, жашооңузда ишке ашпаган, болгондо да секске таптакыр байланышпаган кыялдарыңыз бар. Демек, аларды кантип ишке ашырууга болоорлугу туурасында ойлонуп көрүңүз.
2. Зордукталуу. Түшүңүздө зордукталсаңыз, курчап турган чөйрөңүздүн начар экендигин билдирет. Тактап айтканда, күндөлүк турмушта баарлашып, жолугушуп жүргөн айрым адамдарыңызды дилиңизде жактырбайсыз. Алар, мүмкүн, чогуу иштешкендериңиз же кошунаңыз, же туугандарыңыз... Ортодо кайсы бир маселелерге, салтка байланыштуу түшүнүшпөстүктөр, көз караштардагы айырмачылыктар бар. Дал мына ушундай тажатма нерселерден арылып, өзүңүздү эркин сезүүнү каалап жүрөсүз.
3. Атасы же энеси менен болгон секс. Түшкө кирген ата-эне – өтө таасирлүү, бийлик адамдарынын символу. Алардын бири менен төшөк кумарына батуу кол жеткис бийиктикке, чоң кызматтарга умтулууну билдирет.
4. Ойго келбеген секс. Жашоодо сиз “башка улуттагы же жаш айырмачылыгы чоң адам менен төшөк кумарына батууга дегеле болбойт” деп эсептейсиз дейли. Бирок, түшүңүздө дал ошондой адамдар менен төшөктө бирге болдуңуз. Мындайда эртең менен ойгоноор замат көргөн түшүңүз эмоцияңызга кандай таасир бергенине көңүл бурушуңуз керек. Эгерде таңкалуу, жийиркенүү сезими болсо, анда турмушуңузда кандайдыр бир чечилбеген маселелер, келишпестиктер бар. Тескерисинче, көңүлүңүз жайында болсо, бул – ичиңизде эч кимге айтылбай турган жашыруун каалоолоруңуздун бар экендигинин белгиси.
5. Элдин арасындагы секс. Түшүңүздө көпчүлүктүн көзүнчө кимдир-бирөө менен төшөк кумарына батсаңыз, чыныгы жашооңузда көңүлүңүзгө жакпаган, сизди канааттандырбаган нерселер болууда. Бирок, ал эмне экенин өзүңүз да али так биле элексиз.
6. Өзүн-өзү кумарга батыруу. Кээде өзүңүзгө өзүңүз мастурбация жасоо аркылуу кумарланып жатканыңызды түш көрүшүңүз ыктымал. Демек, өзүңүздү баалаганды билбей жүрөсүз. Андыктан, жеке сапаттарыңызга, сырткы келбетиңизге баа берип үйрөнүшүңүз зарыл же кемчиликтериңизди оңдоого аракет кылып көрүңүз.
7. Мурунку күйөө (аял) же эски тааныш менен болгон секс. Дал ушундай адамдардын бири түшкө кирип, аны менен төшөк кумарына баткан учурлар да болот. Айта кетчү нерсе, бул сиздин аны унута албай жатканыңызды билдирбейт. Болгону, ортоңуздарда чечилбеген, аткарылбаган маселе, таарыныч калып калган.
8. Жакын тааныш менен болгон секс. Мындай түш көрсөңүз, “ал мени жактырабы, ойлоп жатабы?” же “эртели-кеч түгөйүмдүн көзүнө чөп салышым мүмкүнбү?” деп чочулабаңыз. Мунун себеби башкада. Тактап айтсак, жашоодо сизге жаккан айрым адамдык сапаттарды сүйүктүүңүздөн эмес, ошол таанышыңыздан көрүп жүрөсүз.
9. Жылдызга айланган атактуу инсан менен болгон секс. Көңүлүңүз жактырган белгилүү адам менен түшүңүздө төшөк кумарына баттыңызбы? Анда, кыязы, көпчүлүккө аты белгилүү ал адам сиз үчүн идеалдуу сезилет же кыялыңыздагы ак боз атчан ханзааданы (ханбийкени) али жолуктура элексиз. Тескерисинче, эгерде сизди таптакыр кызыктырбаган атактуу инсан менен бирге болсоңуз, эл арасынан өзгөчөлөнүп суурулуп чыгууну, кол жеткис нерсеге жетүүнү самап жүрөсүз.
10. Жакпаган адам менен болгон секс. Албетте, мисалы, түшүңүздө мурунку сүйгөнүңүз же кайсы бир актёр (актриса) экөөңүздөр секс менен алектенип жатсаңыздар, бул сизге жагымдуу болоору шексиз. Ал эми чыныгы жашоодо жаман көргөн адамыңыздын сиз менен төшөк кумарына батып жатканы кирсечи? Психологдордун айтуусу боюнча, айтылгандай түштү көргөнүңүз, жүрөгүңүздө сагыныч, кусалык, санаа бар экенин билдирет. Кыскасы, жеке жашооңузда кандайдыр бир орду бүтөлбөй жүргөн кемтик бар.
11. Өзүнүн жынысындагы адам менен болгон секс. Айым болуп туруп түшүңүздө да айым менен (эркек эркек менен) төшөктө бирге болсоңуз, демек, дос-тааныштарыңыздын бирөөсү менен мамилеңиз жакшы эмес. Балким, ортоңордо чечилбей жүргөн маселе, уруш-талаш, чыр-чатак, пикир келишпестик же көрө албастык бардыр. Мындан тышкары, жогорудагыдай түш сизге чыныгы сүйүүнүн, мээримдин жетишсиздигин да кабарлайт.
12. Бейтааныш адам менен болгон секс. Тааныбаган адам менен түшүңүздө секс жаатында мамиле түзсөңүз, турмушуңузда жаңы окуялардын болуп өтүшүн каалап жүрөсүз. Себеби, күндө кайталануучу окшош күндөрдөн тажагансыз.
КОШУМЧА МААЛЫМАТ: