31-август – Эгемендүүлүк майрамына карата Түркиядагы кыргыз боордошторго жагымдуу маанай тартуулаганы Стамбул шаарына Саламат Садыкова, Кубаныч Сатаев, Каныкей, Ильяз Абдыразаков сапар алганы турушат. Майрамды “Кыргызстан достук жана маданият” коому жана Түркиядагы Кыргызстандын элчилиги уюштурууда. Бул салтанат күндүзү атайын уюштурулган элибиздин улуттук оюндары, тамак-ашы менен коштолмокчу. Ал эми кечкисин ырчыларыбыз элге жагымдуу ырлары менен жылуу маанай тартуулап, 2-сентябрда кайтып келишет.