АПТА ХРОНИКАСЫ

102 билдирет

ЗИКИРБАЕВДИН “ЖИГИТТЕРИ” ӨЗ ЭНЧИСИН АЛЫШТЫ
23-август күнү Биринчи Май райондук сотто “Зикирбаевдин тобу” аталган жигит­тер жазасын алышты. Кылмышкерлердин үстүнөн 30 чакты кылмыш иши ачылган жана алардын 9у киши өлтүрүү боюнча эле. Курмандыктардын тизмесинде белгилүү спортчу Раатбек Санатбаев, депутат Руслан Шабатоев, экс-депутат Жусупжан Жээнбековдун уулу Бактияр Амражанов, бизнесмен Игорь Гизей бар.
Эсиңиздерде болсо, 2010-жылдын 24-май күнү уюшкан топ Жумабек Зикирбаев, Чынгыз Мамытов жана Улан Кожоев Биринчи Май райондук сотунун имаратынан конвой Атамбаевди өлтүрүп, качып чыгышкан. Оперативдүү топтун аракети менен кайрадан кармалып, кармоо учурунда топтун башчысы Зикирбаевге ок жаңылып каза болгон.
Кылмышкерлер бул жолу катуу тартипте көзөмөлдөнүп, аларга жазанын окулушу 5 саатка созулду. Улан Кожоев Гизей, Амражанов, Шабатоев, Ашимов, Санатбаев, Атамбаевди өлтүргөнүн моюнуна алып, өмүр бою абакта отуруу жазасын алды. Ал эми сот залынан качканга жардам берген Майрамбек Жумагулов 19 жылга эркинен ажыратылса, Жумабаев 22 жылга, Мамытов 24 жылга, Молутбеков 22 жылга, Сулайманов жана Шералиев 4 жылга эркинен ажыратылды.

СУТЕНЁРДУККА ЖОЛ ЖОК
Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгынын билдирүүсүндө, сойкулук менен алектенген 5 аял кармалган. Бишкектин Үсөнбаев көчөсүндө жашаган бир пенсионер көп кабаттуу үйлөрдө сойкулук кылуу менен күн көргөн аялдар тынчтык бербей жатканы тууралуу Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Зарылбек Рысалиевге арыз жазган.
Бардык далилдерди келтирген пенсионер аларды колдогон укук коргоо кызматкерлери да бар экенин айткан. Бул ишти көзөмөлгө алган Свердлов РИИБ­инин кызматкерлери сутенёрдук кылган 5 аялды кармап келишкен. Учурда кылмыш иши козголуп, тергелүүдө.

БАҢГИЗАТТЫН КЕНИ ОШТОБУ?
22-август күнү УКМКнын кызматкерлери тарабынан чоң өлчөмдөгү баңгизат табылды. Ош шаары жана Ош облусундагы баңгизаттарды издөө иш-чарасын алып барууда кызматкерлер Байтал-Өлдү аймагында жайгашкан баңгизаттын кампасын табышкан. Анда целлофанга сакталган, салмагы 35 килограмм 4 граммды түзгөн 64 куту апийим табылган.
Ошондой эле 23-августта чек аранын постунан бир нече чакырым алыстыкта жайгашкан Бор-Дөбө аймагынан 69 килограмм 88 грамм апийим табылган. Учурда баңгизаттар химиялык экспертизага жөнөтүлүп, айыпкерлер изделүүдө.

КЫЛМЫШТУУ ТОПТУН АДАМЫ КАРМАЛДЫ
Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобуна тиешелүү деген дагы бир адам кармалды. Бишкек шаарынын Алматы-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде текшерүү үчүн токтотулган Вольво-940 үлгүсүндөгү автомашинанын ичинен 3 огу менен Макаров тапанчасы, 6 огу менен Karatау tactiк мылтыгы табылган.
Машинадагы 1981-жылы төрөлгөн кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү колго түшүп, учурда тергөөдө.

101 билдирет

ҮЙ ӨРТТӨНҮП...
25-августта Ноокат районунун Барпы аймагында жайгашкан менчик үй өрттөнгөн. Өрт 360 чарчы метр аймакты ээлеп, үйдүн чатыры, шыбы, үй-тиричилигине колдонуучу нерселер жана короодо жыйылган 2 тонна кургак чөп, 2 тонна саман кошо күйүп кеткен. Өрттү өчүрүү 5 саатка созулган.

КамАЗ ЖАЛЫНГА ОРОЛУП...
Сузак районунда жайгашкан кирпич заводунун жанында жүк ташуучу КамАЗ өрттөнүп кеткен. Бул «Аби» ЖЧКсына тиешелүү унаа болчу. Өрттүн эмнеден чыкканы такталууда.

МЕКТЕПТЕГИ КӨМҮР ЭМНЕДЕН КҮЙДҮ?
20-августта Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Барпы айылындагы мектептин короосунда кышка даярдалган 1 тонна көмүр күйүп кеткен. Өрт өчүрүүчүлөрдүн айтымында, ысыктан улам көмүр өзүнөн өзү күйгөн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 408, 27-август - 2-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан