«ААЛАМ ПЕРИСИ» АНЫКТАЛДЫ

АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн “Аалам периси-2010” сулуулар сынагы жыйынтыкталды. 83 сулуунун арасынан бакыт кушу 22 жаштагы мексикалык Химене Раварретеге буюрду. Химене сынакта бир гана сулуулугун көрсөтпөстөн, талантын, сабаттуулугун көрсөтүп, жеңишке жеткен. Аалам периси Хименеге берилген жеңиш таажыдан сырткары бриллиант жасалгалар топтому, акчалай сыйлыктын суммасы азырынча канча экени белгисиз. Анан да Нью-Йорктогу киноакадемияга бир жыл бекер окуганга жана башка сыйлыктар, мүмкүнчүлүктөр берилди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 408, 27-август - 2-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан