Атасынан кем калышпаган таланттуу ырчы Нурайым Азыкбаева 25-августта Крымга учуп кетти. Ал 28-августта башталуучу “Чыгыш базары” сынагына Кыргызстандын атынан катышып келмекчи. Мындан эки жума мурун сынак тууралуу Маданият министрлигинен сунуш түшкөндө Нурайым “убакыт тар, жакшы даярдана албай калам” деп баш тарткан. Бирок экинчи жолку сунушту четке кага алган эмес. Аз убакыттын ичинде Атай Огонбаевдин, Токтогул Сатылгановдун, Калыйбек Тагаевдин сөзүнө жазылган ырларды заманбапташтырып жаздырып даярдаган Нурайымдын ийгилик менен кайтуусуна тилектешпиз.