“Аталар керээзи” тасмасы менен таанымал болгон режиссёр Нурбек Эген эки жыл мурун жаңы тасманын үстүнөн иштей баштаганын айткан эле. Ошентип, “Манастын төрөлүшүн утурлай” аттуу тасма даярдалып бүткөндүгү белгилүү болду.
Режиссёр Нурбек Эген тасманы тартуу учурунда “кыргыз” деген аталыш адамдын атынан эмес, мамлекеттин аталышынан келип чыккандыгын уккан. Материалдарды чогултууда дүйнө боюнча 300дөн ашуун Манас деген аталышка учураган. “Бул тасма – кыргыздар жөнүндө баарлашуунун башталышы гана”,- деп режиссёр АКИpress маалымат агенттигине билдирген. Анын айтымында, “жаңы” Манас Кыргызстанда төрөлбөй калышы да ыктымал. “Мен аны кандайдыр бир адам иретинде эле эмес, көрүнүш катары жаралат деп ойлойм”,- дейт ал.
Режиссёр тасма аркылуу Кыргызстандын учурдагы абалын көрсөтүүгө ниеттенген. Ал эми тасманын башкы каармандарынын катарынан чек арадагы жоокер, жазуучу, мигрант, комузчу, студент жана жөнөкөй кызды жолуктурууга болот. Тасманын бет ачары эгемендүүлүк майрамынын алдында, 30-август күнү болуп өтмөкчү.