КАПТАГАЕВ УШАКТАН ЗАПКЫ КӨРҮҮДӨ

Президенттик аппараттын жетекчиси Эмилбек Каптагаев аталган кызматка келгенден бери айрым кыргыз тилдүү гезиттердин “сүймөнчүгүнө” айланды. Анын тегерегинде болуп жаткан окуялар кээде “туздуу”, кээде “мурчтуу” жазылып, унчукпай келе жаткан Эмилбек мырза эми аларга карата жооп берүүнү туура көрүптүр. Ал гезиттердин бирине кайрылып, өзүнүн дарегине айтылган “ашынган коррупционер” жана “сарт-калмак” деген сыяктуу сөздөрдү четке кагып, аны жаманатты кылуу деп эсептерин айтат.
Топчубек Тургуналиев, Өмүрбек Текебаев менен анын ортосунда эч кандай талаш-тартыш болбогонун, “Каптагаевдин уулу менен Роза Отунбаеванын уулу дос” деген кеп да чындыкка коошпосун билдирди. “Эгерде мага суроолоруңар болсо, түз эле өзүмө кайрылсаңар болот. Ал эми мен жөнүндө ушак жазган гезиттер менен соттошуп отурайын деген оюм да жок”,- дейт аппарат жетекчи.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 408, 27-август - 2-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан