Жаңы окуу жылынын башталышына саналуу күндөр калгандыктан, Ош жана Жалал-Абад облустарында билим берүү мекемелеринин коопсуздук маселеси каралууда. Ош шаары, Кара-Суу жана Базар-Коргон райондорунда жайгашкан мектептерде коопсуздук кызматын түзүү боюнча долбоор башталат. Бул долбоор ЕККУнун эсебинен каржыланат. Долбоор боюнча ар бир мектепте 4 коопсуздук кызматкери ишке алынып, алар 5 миң сомдун тегерегинде айлык алышат. Аралаш тилдүү мектептерде коопсуздук кызматы окуучулардын ата-энелеринен куралат.
Президент Роза Отунбаеванын “Кабарлар” радиосуна берген маалыматына таянсак, Ош шаарындагы мектептердин окуусу өз убагында башталат. Учурда окуучуларды үйдөн мектепке алып баруучу автобустарды уюштуруу каралып жатат. “Ал эми Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы окуу жайларда билим алган студенттердин окуусу шайлоодон соң, тактап айтканда, 10-октябрдан кийин башталат”,- деди Роза Отунбаева.