Апрель, май жана июнь айларында болуп өткөн өлкөдөгү баш аламандыктан жабыркагандар өкмөттөн колдоо алышат. Ошентип, Бишкек шаары, Талас, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тургундары декретке ылайык, төмөнкүдөй социалдык колдоого ээ болушат.
Каза болгондордун балдары 18 жашка, ата-энелери пенсиялык куракка жеткенге чейин минималдуу кирешенин көлөмүнөн он эсе көп жөлөк пул алышат. Ушундай эле каражат жогоруда айтылган окуялардын айынан майып болуп калгандарга жана оор жаракат алгандарга да берилмекчи. Ден соолугуна зыян тийгендер жеңилдетилген шартта эки жыл ичинде санатория-курортторго жолдомо ала алышат. Ошондой эле алар аскердик кызматты өтөөдөн да бошотулушат.