ЖУМУШСУЗДАР 400гө АЗАЙДЫ

Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги менен БУУнун өнүктүрүү программасы биргелешип жаштардын арасында жумушсуздукту жоюу үчүн атайын долбоордун аягына чыгышты. 26-августта Бишкек шаарынын №95-кесиптик лицейинде 200дөй тикмечи үч айлык окуусун аяктады. Аларды ар кандай фирмаларга жумушка орноштурууда долбоордун негизинде жардам беришүүдө.
“Жакын арада ушундай эле долбоорлор Ош жана Жалал-Абад облустарында башталат”,- дейт аталган министрликтин башчысы Айгүл Рыскулова.
Ак-Босого, Көлмө жана Калыс-Ордо жаңы конуштарында жашаган тикмечиликти аяктагандар окуу учурундагы даярдаган кофта, шым жана башка кийим-кечелерди Ош жана Жалал-Абад шаарларына гуманитардык жардам кылып жөнөтүшкөн.
Ушул эле долбоордо тигүүчүлөрдөн сырткары дагы 200дөй жаштар ширетүүчү, жыгач уста жана куруучу кесибине ээ болуп чыгышкан.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 408, 27-август - 2-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан