БӨБӨКТӨРДӨН АЛАКАНДАЙ ТОКОЧТУ АЯЙБЫЗБЫ?

Курманбек Бакиевдин 5 жылдык бийлигинин учурунда башталгыч класстардын окуучулары оңуп, алар үчүн түшкү тамак уюштурулганы далай жолу айтылган. Атүгүл экс-президенттин мындай кең пейилдигинен улам окуучулар мектепке эмес, түшкү тамактын айынан сабак таштабай калганы бир топ ирет жазылган эле.
Эми ушул кенедей балдардын алакандай токочу менен бир стакан сүтү кимдир бирөөлөрдүн кекиртегине кирип кетүү коркунучунда турат. Билим берүү жана илим министри Канат Садыков 1-4-класстардын окуучуларынын тамагына бөлүнгөн каражатты мугалимдердин айлыгын көтөрүү үчүн сарптоону сунуштады. “Бирок түштөнүүгө муктаж болгондор тамак менен камсыз боло беришет”,- дейт Канат Садыков.
Маалымат үчүн: Жыл сайын бул керектөөгө казынадан 450 миллион сом бөлүнөт. Орточо эсеп менен ар бир окуучуга күнүнө 7 сомдон туура келет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 408, 27-август - 2-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан