18-23-август күндөрү Монреалда (Канада) өткөн дзюдонун чеберлеринин ортосунда Дүйнө биринчилигинде КРнын Дзюдо федерациясынын вице-президенти Таалайбек Масабиров (салмак категориясы 81 килограмм) кыргыздын атын дүйнөгө даңазалап, Дүйнө чемпиону аталды. Ал финалга карай Бразилия, Англия, Аргентина жана Австриянын спортчуларын артта калтырган. Чечүүчү беттеште үй ээси канадалык спортчуга туш келди. Чемпион болуу үчүн таза жеңишке жетишүү зарыл эле (көп учурда калыстар үй ээсине тартып коёру сыр эмес). Андыктан муну жакшы түшүнгөн мекендешибиз жеңишке болгон эркин көрсөтүп, сыйлык тепкичинин эң жогорусунан орун ала алды.
Ошентип, чемпиондук наамга ал 3-аракетинен жетишип отурат. Анан дагы дзюдочунун мындай ийгиликке орозо кармаганына карабастан жетишкенин кошумчалайбыз. Жеңиши тууралуу: “Башкысы, мен мекеним алдында патриоттук милдетимди аткардым. Кыргызстандын туусу бийикке желбиреп, гимни жаңырды. Мен буга абдан ыраазымын. Жаштарды спорт менен машыгып, туубузду чет өлкөлөрдө таанытууга чакырам”,- деди толкунданган Таалайбек.