СУРАБАЛДИЕВ АТЫНДАГЫ ЗАЛ АЧЫЛДЫ

Бишкекте дагы бир спорттук зал пайда болду. Дзюдо боюнча СССРдин Спорт чебери, КРнын Дзюдо федерациясынын туңгуч президенти Жыргалбек Сурабалдиев атындагы дзюдо залы ачылды. Бул залды Сурабалдиевдин Даулет Досалиев, Күмүш Жуманазаров, Анатолий Чеботенко аттуу шакирттери устатынын урматына ачышкан. Анда машыгуучулар үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Келечекте аталган жайдан улуттук курама командабыздын керегине жараган жаш спортчулар тарбияланып чыгарына ишеним зор.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 408, 27-август - 2-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан