27-август күнү “Тумар” радиосу өз угармандарына жагымдуу маанай тартуулады. Ырчылар Максат Бегалиев, Жанэль, Арсен, Кундуз Канатбек кызы, Бактыгүл Бадыеванын коштоосунда радионун кызматкерлери шаардагы белгилүү караоке-клубда чогулушту. Клубда угармандар менен ырчылар биргеликте караоекеде ырдап көңүл ачышты.
Эми андагы көңүлдү өтө бурдурган жагдайга өтөлү. Караоке-клубга Бактыгүл Бадыева жигити менен келип “бул менин жигитим” деп тааныштырды. Ошол замат эле Бадыеванын сүйүктүүсү “мен жөнүндө жазбагыла” деп кабарчыбызды демитип кирди. Атүгүл Бактыгүл жөнүндө бизге чыккан маалыматтарды божурап айтып отуруп, "силердин окурманыңар эмесмин" деп манчыркап күлкүнү келтирди. Ошентип, татына ырчы кыздын ашыгы болушунча өзүн көрсөткөнгө аракет кылды. "Мейли Бактыгүлдүн жигити, мейли бай мырза бол, бизге ысык-суугу жок, аман эле бол" деп кол шилтеп тим болдук.