Бул окуя көп жыл илгери поездде болгон эле. Вагондогу жүргүнчүлөрдүн бири китеп окуса, бири чай ичип дегендей, ар кимиси ар нерсе менен алектенип отурган кез эле. Аңгыча тамбурдун эшиги "тарс" эте ачылды эле, элдин баары ал жакты карап калды. Эшиктен узун бойлуу цыган эркек көрүндү. Куштун канаты тагылып коюлган шляпасы желкесине түшкөн, өңү өчкөн костюму ийнине артылган, салаңдаган курсагы жазы кур менен курчалган, кара дамбалы генералдын өтүгүнө окшош өтүккө шымдалган. Кыскасы, "Будулайдагы" цыгандын өзү. Артында топурата балдарды ээрчите бүкчүйө оор түйүнчөк көтөргөн цыган аял. Цыган эркек курун мыкчый кармай, ишенимдүү кадамдап бизге жакындай берди. Аял балдары менен топурай анын артында.
Бул көрүнүштү көрүп отурган комсомол кыз чыдабай кетти көрүнөт, тура калып цыган эркекке «Дөөдөй эркек экенсиз, анан аялыңызга оор көтөртүп койгондон уялбайсызбы? Же эмне, аялды кул көрөсүзбү?» деп эле уяткарып кирди. Эркек токтой калып, кызды кызыга карап, анан унчукпастан андан ары басып кетти. Артындагы цыган аял бушайманга түшкөн кыздын тушуна келгенде оор дем алып токтоп: "Кымбаттум, ал төшөктө кандай сексуалдуу экенин билсең, минтип айтмак эмессиң. Анын "алигиси" үчүн эле түйүнчөк эмес, башкасын да көтөрмөксүң" дебеспи. Секунд өтпөй элдин каткырыгы жаңырып, кызарган комсомол кыз башка вагонго чыга качты.