Орусиянын Красноярск шаарында 30-31-август күндөрү КМШнын мыкты мушкерлеринин катышуусунда Манастын кубогу өткөрүлдү. Бул мелдешти уюштуруу жагын аймактын Кыргыз диаспорасы менен Комплекстүү мушташ түрлөрү боюнча федерация колго алган. Манастын кубогу үчүн болгон мелдеште анын урпактары ийгилик жарата алышканы кубандырды. Мекендештерибиз командалык эсепте баарын артта калтырып, 1-орунду ээлешти.
Орусияга сапар алган 6 спортчунун ичинен Кылычбек Саркарбаев (+90, “Мухаммед-Умар”), Калыбек Жолдошов (65, “Маралбек”) жана Нурлан Тиленчиев (85, “Мухаммед-Умар”) чемпион аталышты. Рашит Аманкулов (90, “Мухаммед-Умар”) күмүш медалга татыса, Кумар Жалиев (75, “Гермес-профи”) менен Урмат Сартбаев (65, “Маралбек”) коло медаль тагынып кайтышты.