Өлкөдө күндөн-күнгө эт менен өсүмдүк майынын баасы көтөрүлүүдө. Экономикалык тескөө министрлиги базардагы бааны текшерип чыгып, баалардын көтөрүлүп жатканын расмий тастыктады. Чүй жана Ысык-Көл облустарында бир аптанын ичинде эле өсүмдүк майынын 1 литри 15 сомго чейин кымбаттап, орточо эсеп менен анын баасы 75-95 сом болуп калган. Өсүмдүк майынан сырткары борбор шаарда эттин баасы 20 сомго чейин асмандап, уй этинин 1 килограммы 200-230 сомду түзүп калды.