ФРАНЦУЗ КИНОСУНУН КЛАССИГИ КАЗА БОЛДУ

13-сентябрда Парижде 80 жаштагы кинорежиссёр Клод Шаброль каза болду. Режиссёр француз кинематографиясында легендарлуу адамдардын бири болгон. Ал жараткан триллерлер – "Туруксуз жубай", "Касапчы", “Бул жерде өлсүн" дүйнөлүк аренага чыккан. Баш-аягы 50дөн ашык тасма жараткан Шаброль акыркы тасмасын 2009-жылы тарткан. Бул тасмада башкы ролду Жерар Депардье аткарган. Карыса да тынбай иштеп жүргөн режиссёрдун эсеп жеткис байлыгы кимге кала тургандыгы тууралуу кызуу кеп болууда. Анткени артында мурасын ээлеп кала турган балдары жок.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 411, 17-23-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан