Интернет айдыңында “жакында өлкөдө баш аламандык уюштурулат” деген кеп-сөз көбөйдү. Алсак, белгилүү бир ырчынын үйүндө шайлоого бара жаткан партиялардын биринин мүчөлөрү чогулушкандыгы тууралуу маалымат желдей тарады. Анда шайлоону үзгүлтүккө учуратуу боюнча сөздөр жүргөндүгү айтылат. Бул имиштерге таянсак, эгер ал партия шайлоодон утулуп калса, баш аламандык уюштуруу үчүн 2 миңдей согушчан даярдап жаткан имиш. “Төңкөрүш жасоого аракет кылды” деп камалып, анан ден соолугуна, улгайган курагына таяп камактан бошогон белгилүү коомдук ишмер башында имиш, бул топтун.
Жөө ушактар аяктай электе Өзгөн шаарында 15-сентябрь күнү атайын операциянын жүрүшүндө бир тургундун үйүнөн курал-жарак табылды. Жыйынтыгында УКМКнын кызматкерлери тарабынан төрт киши кармалды. Бирок 300гө жакын жергиликтүү тургундар (өзбек улутундагылар) колго түшүрүлгөндөрдү бошотуусун талап кылып чогулушту. Кийин топтолгондор таркап кетишкен.
Кыргызстандагы кырдаал дале оор экенин ажо айым өзү деле моюнга алууда. Айрыкча, өлкөнүн бүтүндүгүн сактап калууда коркунучтар бар. Буга айрым партиялардын элди бөлүп-жарган жоруктары да себеп болуп жатат. “Өлкөдө туруктуулук орногонго чейин шайлоонун күнүн артка жылдыруу сунуштары да түшкөн. Бирок партиялар мени президенттик мөөнөтүн узартууга аракет кылып жатат деп күнөөлөй башташат. Жок, андай эмес. Армияны жана өлкөнү башкаруу – аялдын иши эместигин мен деле түшүнүп турам”,- деди президент айым.