“Сөздөн мүдүрүлгөн турбайт” демекчи, бир кезде айтылган сөзүбүз кайра өзүбүзгө каршы чыгышы да мүмкүн. Себеби, кээде жашоодо биз айткандай болбой, турмуш нугу таптакыр башка жакка агып кетет да, айтылган сөздөр куру сөз бойдон кала берет. Гезитибиздин эски сандарын барактаганыбызда, буга далил катары белгилүү адамдардын интервьюлары чыга келди.
Нурзат Токтосунова: «ЭМИ «БРАВОНУ» ЭЧ КАЧАН ТАШТАБАЙМ»
“... Эмнегедир эфир жүз пайыз купулума толо элек. Анын үстүнө, өнөктөштөрүм да эфирге биринчи жолу чыккандык кылып көп учурда сөздөрүн унутуп коюп жатышат. Ал эми эфир бүткөндөн кийин тааныштарым телефон чалып куттукташып, билдирүүлөрдү жөнөтүшүп маанайымды көтөрүшөт. Азыр мага тааныш чөйрөгө келип, өзүмдү аябай жакшы сезип жатам. Эми «Бравону» эч качан таштабайм...”
“Супер-Инфо”, №197, август, 2006-жыл.
НУРЗАТ ТОКТОСУНОВА: – Ал убакта телевидениеге кайтып келүүгө түзүлгөн жакшы мүмкүнчүлүк болгондуктан, “Браво” телеберүүсү мен үчүн абдан чоң мааниге ээ болчу. Чындыгында эле «бул берүүдөн кетпейм» деп ойлогом. Кыз киши жеке турмушунун келечегин так айта албайт эмеспи, ал убакта турмушка чыгуу тууралуу оюм жок эле. Азыркыдай шарт менен Алматыда жашап калаарым түшүмө да кирген эмес. Эгерде мындай кубанычтуу жагдай болуп кетпегенде, “Браводон” таптакыр кетмек эмесмин.
Айбек Карымов: «КИМДИР-БИРӨӨНҮ СҮЙҮП КАЛЫП, ҮЙБҮЛӨМДӨН АЖЫРАГЫМ КЕЛБЕЙТ»“... Келинчегим Айнура мени бардык жактан колдоп, түшүнүп, чыгармачылыгымды сыйлап, өз салымын кошуп келет. Уулум Медер быйыл 1-класска барат... Үйбүлөлүү адам болсом да сүйүүсүн айткан кыздар жок эмес. Бирок, кимдир-бирөөнү сүйүп калып, үйбүлөмдөн ажырагым келбейт. Сүйүү келбесин деп Кудайдан тилейм...”.
“Супер-Инфо”, №6, июль, 2002-жыл.
АЙБЕК КАРЫМОВ: – Эм-и-и кандай десем?.. Жашоодо ар кандай нерселер боло берет турбайбы. Ал кезде көптөгөн максаттарым бар болчу, кээбирине жетсем, кээбири ишке ашпай калды. “Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” деген ошол да. Бардыгы биз ойлогондой, биз көздөгөндөй болбойт тура. Бирок, мен Айнура менен башка бирөөнү сүйүп калып ажырашкан эмесмин, жөн гана ортобузда ар кандай түшүнбөстүктөр болуп кетти. Тагдыр өз билгенин кылат экен, атаңдын көрү! Ушундай болуп калды... Ошентсе да, азыр аларга каралашып турам.
p.s. Айбек байке минтип айтканы менен эл арасында «экинчи жары Бурул менен да ажырашып кетиптир» деген имиштер көп айтылууда.
АЛЕКСЕЙ ФИЛАТОВ: – Ошол учурда бул айтылган сөздөрүмдүн маңызы бар болчу. Жөн эле айтылган сөз эмес эле. Мен “Хит-парадга” туура бир жылдан соң кайра кайтып келдим. Ал убакыттын ичинде “Хит-парад” кайра мурунку деңгээлине кайтып келе алды. Ал гана эмес, азыр бул телеберүү көптөгөн ийгиликтерге жетишип, УТРКда гана эмес, башка телевизиондук каналдардын көңүл ачуучу берүүлөрүнүн мыктыларынын ичинде. УТРКдан кеткенден кийин гана бул каналды сырттан карап, аны баалаганды үйрөндүм. Бул жерде көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдүн ачылаарын түшүндүм. Ошол эле бир жылдын ичинде кайсы жерге барбайын, “эмне үчүн “Хит-параддан” кетип калдың? Сенсиз кызыксыз боло түштү” деген сөздөрдү да угуп жаттым. Ошондуктан, “улутума карабай эле угушат турбайбы, көрө албастардан сырткары күйөрмандарым да бар экен” деген ойго келдим. Ушунун баары бул берүүгө кайтып келүүмө түрткү болду. Бул оюм менен Ассоль айымга кайрылганымда, ал туура көрүп, мени кайра кабыл алган.
p.s. Асыл эжеге бул сөз тууралуу кайрылганыбызда, ал Мирбек экөөнүн жаңыдан кайра башталып келе жаткан ишине бул сөздөр жагымсыз экенин айтып, Мирбекти кабыл алганынын себебин айткысы келген жок.
Даярдаган Махабат Догдурбекова