Режиссёру – Леонид Гайдай
Сценарийин жазгандар – Михаил Булгаков, Владлен Бахнов
Продюсери – Леонид Гайдай
Ролдордо: Иван Грозный жана Иван Васильевич – Юрий Яковлев, Шпак – Владимир Этуш, Шурик – Александр Демьяненко, Феофан – Савелий Крамаров, ханыша – Нина Маслова, Зина – Наталья Селезнёва, Милославский – Леонид Куравлёв жана башкалар.
КЫСКАЧА МАЗМУНУ
Бул тасманын башкаармандары Гайдайдын башка кинолорунан бизге тааныш болгон Шурик жана “Азгырык” фильминде аны менен бирге экзамен тапшырган Лида аттуу жакшы кыз экөө үйбүлө курушкан экен.
Шурик мыкты инженер-окумуштуу Александр Тимофеевге айланып, өзүнүн күчтүү фантазиясы жана билиминин жардамы менен убакытты артка кайтара алган шумдуктуу машина ойлоп табат. Машина ишке киргизилгенде тээ 16-кылымга, тагыраак айтканда, улуу орус падышасы Иван Грозныйдын мезгилине туш келет. Падыша 20-кылымга келип, анын ордуна толук адашы, ардагер жана үй башкарма Иван Васильевич барып калат. Ал эми убакыт машинасынын күтүүсүздөн бузулуп калышы дагы көптөгөн кызыктуу окуяларды жаратат... Акыры болуп өткөн кызыктын баары жөн гана окумуштуу Шуриктин түшү болуп чыгат.
«ЭЛГЕ КОМЕДИЯ КЕРЕК!»1970-жылдардын эң мыкты комедиант-режиссёру Леонид Гайдай олуттуураак бир фильм тартууну көздөп жүргөн. Албетте, комедия жанрында мыкты тартылган “Ы” операциясы”, “Кавказ туткуну” жана “Бриллиант кол” ага атактуулук алып келген. Бирок, кинематография тарыхында жалаң гана күлкүлүү тасмалары менен эмес, терең ойго сала турган философиялык сценарий менен иштөөнү тымызын самап жүргөн. Жадакалса Булгаковдун “Качуу” деген чыгармасына көз салып койгон. Бирок, Гайдайдын тилегине каршы, демек, миллиондогон көрүүчүлөрдүн бактысына жараша “Госкино” режиссёрго: “Элге комедия керек!”- деп кезектеги комедия фильмин жаратууну тапшырган. Ошентип, Гайдай Булгаковдун “Качуу” чыгармасынын ордуна ошол эле автордун “Иван Васильевич” аттуу пьесасын колго алат.
ГАЙДАЙДЫН КЕЗЕКТЕГИ ЖЕҢИШИОшентип, 1973-жылы “Мосфильм” жаңы долбоор үстүндө иштей баштайт. Тасманын сценарийи унутулгус туруктуу фразаларга айланган. Комедия жанрында чоң тажрыйбага ээ болгон режиссёрдун эмгеги дароо эле көрүнүп турат. Актёрлордун тандалышы – башка кеп. Гайдайдын мурунку командасындагы Этуш, Демьяненко, Крачковская сыяктуу актёрлордун оюну кубантпай койбойт. Ал эми композитор А.Зацепиндин эмгеги менен жаралган музыкалык композициялар дале эсибизде.
Аталган факторлордун баары: сценарий, режиссура, актёрдук топ, саундтрек фильмдин зор ийгиликке жетишине жол ачат эмеспи. Анын сыңарындай, тасма заманынын мыкты киношедеврлеринин бирине айланып, “Алтын фонддун” текчелеринен татыктуу ордун ээлеп келет.
Статистика бул тасманы КМШ өлкөлөрүнөн башка Европада, Америкада да албан ийгиликке жетишкенин көрсөтүп турат: Союз боюнча алгачкы эле жылы Гайдайдын фильмин 60 миллион көрүүчү көргөн. Ал эми чет өлкөдөгү кинотеатрларга коюу үчүн тасманын 34 миң нускасы сатылган.
ПЬЕСА МЕНЕН ТАСМАНЫН АЙЫРМАЧЫЛЫГЫЖазуучу Булгаковдун сатиралык чыгармасы тасманын өзөгүн гана түзбөсө, Гайдай сценарист В.Бахнов менен чыгарманы дээрлик толугу менен өзгөртүп жазып чыгышкан. Башкача айтканда, пьесанын тилин кино тилине которушкан. Пьесадагы кээбир диалогдорду өзгөртүүнүн дагы бир себеби цензура болгон. Союз убагында ар бир фильм алгач “чоңдордун” алдынан өтүп, эленип, андан кийин гана көрүүчүлөргө сунушталганы белгилүү эмеспи.
Биринчиден, 1935-жылы жазылган пьесадагы окуя ошол 1930-жылдарды сүрөттөгөн. Ал эми фильм 1970-жылдарда тартылган. Мисалы, пьесадагы патефондун ордунда магнитофон турса, радионун ордун сыналгы ээлейт.
Дагы бир айырмачылык, пьесада окумуштуунун аты Николай болсо, режиссёр өзүнүн сүймөнчүгү Шуриктин эле атын калтырган.
КЫЗЫКТУУСУ...
ТАСМАДАГЫ КАТАЛАР
Бетти даярдаган Бегайым Мусакеева