“Арашан” ансамблинин алдында түзүлгөн “Паризат” кыздар тобуна быйыл 5 жыл болот. Топтун негиздөөчүсү – “Кыз-Бурак” эстрадалык тобунун алгачкы карлыгачтарынын бири Кишимжан Мамытова. Аталган топ кыргыз фольклоруна басым жасап, элдик ырларды аткарып жүргөнү көпчүлүккө маалым. Топто мурда 3 ырчы кыз болсо, азыр чимириле бийлеген бийчини алышты. “Паризат” тобу жакында эле “Кыргызстан”, “Өмүр” аттуу ырларына клип тарттырды.
Аталган клиптерди www.super.kg сайтыбыздагы медиа-порталдан көрүп, кыздардын ырдоо чеберчилигине баа берсеңиздер болот.