КРЕМЛЬ КУЛОВДУ КОЛДОП, БАШКАСЫН КОРДОП...

“Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов Орусиянын президенти Дмитрий Медведев менен жолуккандан бери шайлоонун алдында партиялар рейтингинин салмагы өзгөрө баштады. Буга чейин Орусия президентинин администрациясы Өмүрбек Суваналиев жана Владимир Нифадьев жетектеген “Содружество” партиясына колдоо көрсөтүп келгендигин “REGNUM Новости” агенттиги кабарлаган. Анын маалыматына таянсак, орусиялык жетекчилик аталган партияны Феликс Куловдун пайдасы үчүн шайлоодон өзүнүн талапкерлерин алып салуусун сунуштаган имиш. Шайлоого чейин Феликс Куловдон тышкары Өмүрбек Бабанов, Темир Сариев жана Алмазбек Атамбаевдин орусиялык аткаминерлерге жолугуп келгендиги айтылган.
Москвада болсо Өмүрбек Текебаев жетектеген “Ата Мекен” партиясы парламентаризмди орнотуучу күч катары каралып, анын айынан бут тосуулар башталды. Ошондуктан орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары башка өлкөнүн ички ишине кийлигишпөө керектигин унутта калтырып, Өмүрбек Текебаевге каршы маалымат согушун баштаган чыгар...

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Kesh
2010-10-10 18:59:04
Ata meken alga SDPK menen!!!
0
№ 414, 8-14-октябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан