7-8-октябрда Кочкор районунун борборунда Ормон хандын кубогунун жарым финалдык баскычы өткөрүлдү. Бишкекте өтүүчү финалга тандоону Ормон хан туулуп-өскөн Кочкордо өткөрүү салтка айланган. Мелдештин финалы ноябрь айында Бишкекте өтөт. Бардык жеңүүчүлөр: Абдрашит Жолдошбай уулу (60 килограмм, “Стронг-профи” клубу), Дастан Шарипов (65, “Лидер”, Жети-Өгүз), Актилек Жумабек уулу (70, “Стронг-профи”), Руслан Эмилбек уулу (75, Күн-Туу), Жолон Айдаров (80, “Локомотив”), Бекмырза Эргешов (+80, “Локомотив”).