«НЕФТИЧИНИ» КИМ ТОКТОТОТ?

10-октябрь – Шайлоо күнү өлкөбүздүн саясий өнүгүшү гана эмес, футбол боюнча улуттук чемпиондуктун тагдыры да чечилип жатты десек болчудай. Бул жекшембиде кочкор-аталык “Нефтичи” бишкектик “Алганы” кабыл алып, артка чегиндирди (оюн үй ээлеринин пайдасына 2:1 эсебинде чечилген).
Ага параллель түрдө Кантта өткөн “Абдыш-Ата-Дордой” тирешинде “нефтичинин” атаандаштары өз ара тең чыгып (2:2) упай жоготуусунун натыйжасында кочкор-аталыктар үчүн чемпион болууга зор мүмкүнчүлүк түзүлдү. Эми “Нефтичинин” чемпион болушу үчүн калган 2 оюнда (17-октябрда “Абдыш-Ата” менен, 24-октябрда “Шер” менен) 4 упайга ээ болуунун өзү жетиштүүлүк кылат. Кошумчалай кетсек, бомбардирлер жарышында да Нефтичинин чабуулчусу Талай Жуматаев 14 голу менен алдыга суурулуп чыккан.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
korea
2010-10-15 16:27:17
Molodec Taalai, alga biz ar daiym seni menen. Talantyna taazim...
0
SabaFromKG
2010-10-17 15:25:46
Нефтчи - ЧЕМПИОН, Forever
0
№ 415, 15-21-октябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан