АПТА ХРОНИКАСЫ

ЧЫРДАН ЧЫККАН ӨЛҮМ
Сокулук РИИБинин кызматкерлери кезектеги кылмыштын бетин ачышты. Аталган районго караштуу Комсомол айылынан белгисиз эркектин өлүгү табылган. Денесине жана каракушуна оор сокку алып, катуу таяктан каза болгону экспертизанын негизинде аныкталды. Жабыркаган адам Сокулук районунун тургуну болуп чыкты.
Милиция кызматкерлери оор кылмышка шектүү катары ушул эле райондун 41 жаштагы тургунун кармашты. Ал кылмышын моюнуна алып, жабырлануучуну урушуп кетип өлтүргөнүн айтууда.

ЖАСАЛМА ДОКУМЕНТ, МЫЙЗАМСЫЗ НАСЫЯ
Каржы полициясынын берген маалыматы боюнча, Ош шаарында кылмыш иши ачылды. Аталган шаардагы банктын филиалынын кызматкери М.С. өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, жасалма документтин жардамы менен мыйзамсыз насыя берип жаткан жеринен кармалган. Насыяга берилген 159 миң сом учурда банкка кайтарылган.

КУРСАНТТАРДЫН ДОБУШУ САТЫЛДЫБЫ?
Башкы прокуратура ИИМдин курсанттары мыйзамсыз добуш бергени үчүн кылмыш ишин козгоду. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Клара Соронкулованын айтуусунда, 9-октябрь күнү мыйзамсыз жана себепсиз алдын ала 1701 курсант добуш берген. Бирок кайсы партия үчүн добуш берилгени аныктала элек. Учурда бул иш иликтөөгө алынууда.

5 АДАМ ШЕКТЕЛҮҮДӨ
Ысык-Көл облусунун Теплоключенка айылындагы Ак-Суу суусунун боюнан адамдын өлүгү табылган. Анын катуу таяк жегенден каза болгону белгилүү болду. Жабырлануучу ошол эле айылдын 28 жаштагы М. аттуу тургуну экени такталды.
Ак-Суу РИИБинин кызматкерлери бул оор кылмыштын изине түшүп, ошол айылдык 5 адамды шектүү деп кармашты. Алардын бири мурун соттолгон. Каргашалуу өлүм ортодогу келишпестиктен келип чыккан экен. Учурда тергөө жүрүүдө.

ИЗДӨӨ САЛЫНАТ
Бишкектеги Свердлов РИИБи 2 жашар кыздын жоголуп кеткенин кабарлайт. 29-сентябрь күнү Чыгыш-5 кичирайонунда үйүнүн жанында ойноп жаткан Бегимай Сопиева дайынсыз жоголгон. Кыз ошол күнү кызыл свитер, кара шым кийип жүргөн.
Бул кызды көрүп калсаңар, төмөнкү телефондорго чалып коюуңарды өтүнөбүз: Тел.: 0312 43-28-15, 0312 43-32-75, 0779 03-05-90.

ҮЙДҮ ЖАЛЫН КАПТАДЫ
11-октябрь күнү Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Көпүрө айылында үй өрттөнгөн. Анын натыйжасында үйдүн 52 чарчы метр аянты күйүп, эмеректер күлгө айланган. Өрт токтоп калбай, кошуна жашаган А.Жумабаеванын үйүнө да өтүп, алардын сарайын кошо жалмаган.
Тилсиз жоонун кичине баланын оюнкарактыгынан келип чыкканы белгилүү болду.

АДАМ ӨМҮРҮН САКТАП КАЛЫШТЫ
10-октябрь күнү Кара-Балта шаарынын Коммунисттер көчөсүндө жайгашкан үйдөн мас абалындагы адамды коңшулары өрттөн куткарып калышты. Өрттөн үйдүн 16 чарчы метр аянты жабыркап, мас адам эсин жогото баштаган.

ӨРТ ДАГЫ БИР АДАМДЫН ӨМҮРҮН АЛЫП КЕТТИ
Чүй облусунун Ак-Суу районундагы Гвардейский айылында жашаган Е.Жидкихтин үйүнөн өрт чыккан. Эмеректер жана үй жарымына чейин күйүп кеткен. Өрт өчүрүлгөндөн кийин үйдөн кожойкенин өлүгүн табышкан. Анын истен ууланып өлгөнү дайын болду.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 415, 15-21-октябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан