Башынан үкү топусу түшпөгөн, жагымдуу үндүн ээси Гүлзат Байзакова үй-бүлөсүнүн толук курамы менен элине жакында концерт тартуулаганы турат. Жолдошу Ишен Календаровдун комуздун коштоосунда үн созуп калганынан, обон жаратарынан кабарыңыз бар чыгар. Ал эми улуу баласы Камбар жаш ырчыларга обон жазып берип жүрөт. Кичүүсү Эмил Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын студенти. Ал концертте залкар күүлөр, элдик ырлар жаңырмакчы.