«БҮТҮН КЫРГЫЗСТАН» ИЛИНБЕЙ КАЛАБЫ?

Кыргызстанда ар бир шайлоо сөзсүз кайсы бир чуулгандуу иш менен эсте калары адат болуп калды. Бул жолу Адахан Мадумаров жетектеген “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тегерегинде болуп жаткан талаш-тартыштар көңүл чордонунда.
Шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча, 5 пайыздык чектен ашкан партиялардан кийинки эле орунду ээлеп, “Бүтүн Кыргызстандын” топтогон добушу 4,84 пайызга (145 миң 455 кишинин добушу) жетти. БШКнын шайлоого чейинки маалыматына таянган партиянын өкүлдөрү 5 пайыздык чекти басып өткөнүн жарыялап жиберишкен. Көп өтпөй, кубанычына суу сепкендей эле, бул маалыматты БШК жокко чыгарды. Анын артынан жер-жерлерде “Бүтүн Кыргызстанды” колдогон нааразычылык акциялар башталып кеткен.
Шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыялана элек. Ошондуктан Адахан Мадумаров башкарган партия БШКнын бүтүмүнө бүгүлүп береби же аны бүлүндүрүүгө жетишеби, азырынча белгисиз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Жаку
2010-10-17 17:48:35
Таза шайлоо кыргызстанда качан брлгон? Болбойт дагы, калп эле элди алдабастан жон эле
"мен президент, сен премер минстр, сен дагы башкасы" деп эле башы корунгондор болушуп алса болмок.Алар эмес биз деле уялып калдык го.
0
Baratali
2010-10-20 21:42:13
Чын айтасын биз Кыргыздар аркабызды эч ойлобойбуз,ким акча берсе ошону шайлап коёбуз,эртен эмне болот эч ким билбейт.
0
Ravshanbek
2010-10-22 15:38:57
Чын... негизинен Кыргызстанда шайлоо учурунда 200 минге жакын кошумча тизме катталган. Мынча шайлоочу кайдан келип калды тушунуксуз... Себеби азыркы кошумча тизмеде тизмеге кирбей калгандардан да башка адамдардын тизмелери кездешуудо... Мына ошондуктан шайлоо участкаларын
0
№ 415, 15-21-октябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан