“7-апрель иши” боюнча сот Бишкек шаарындагы Спорт Ордосунда өтөрүн аскердик прокуратуранын өкүлү билдирди. Анда “Ала-Тоо” аянтындагы демонстранттарды атуу жөнүндө жана 300дөн ашуун жабырлануучунун доо арызы боюнча кылмыш иши каралат.
Бул иште 28 айыпталуучу болсо, анын бешөөсү издөөдө. Алар: Курманбек Бакиев, Жаныш Бакиев, Марат Бакиев, мурунку өкмөт башчы Данияр Үсөнов жана УКМКнын мурунку башчысы Мурат Суталинов. Ал эми калгандары камакта, үй камагында жана өлкөдөн чыгып кетпөө тил каты менен Кыргызстанда жүрүшөт.