Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча, ЖКда бири-бири менен келишпеген эки топ жана бир бейтарап партия орун ээлөө мүмкүнчүлүгүн алды. Муну уккан бир топ чет өлкөлүк басылмалар дал ушул “Республика” партиясы ЖКнын келечекте орусиячыл же америкачыл маанайдагы көпчүлүктү түзүүгө салым кошорун жазып чыгышты. Алсак, британиялык “The Telegraph” басылмасы эгерде “Республика” КСДП жана “Ата Мекен” менен бириксе, АКШнын Транзиттик жүк ташуу борбору Кыргызстанда кала берерин жарыялаган. “Тескерисинче, “Республика” “Ата Журт” жана “Ар-намыска” кошула турган болсо, анда Вашингтон “Манас” аба майданынан Транзиттик жүк ташуу борборун алып чыгып кетүүгө мажбур болот” деп көзү ачыктык кылууда.
Ал эми “Бүтүн Кыргызстан” парламентке келчү болсо, анда “Республика” учурдагы салмагын да, маанисин да жоготору анык. Анда ЖКда таптакыр башкача оюндар башталат.