Элвис деген тартынчаак жигит белгилүү Сэм Филлипске таандык болгон ири үн жаздыруучу студиянын босогосун ишенимсиз кадамдар менен аттады. Ал “чоң” адамдар менен бетме-бет сүйлөшүүдөн уялып, коркконсуп турду. Сэм Филлипстин жардамчысы Марион жөнөкөй жигитти баштан-аяк сыдыра карап, ичинен “айылдык байкуш” деп ойлоп коёт. Элвис акырын гана: “Мен каалаган ырыңарды ырдай алам, ошол эле убакта эч кимге окшошпойм”,- деп айтты да, ушул сөзүн аз убакыт ичинде далилдей алды.
Бүт өмүрү “күн чыгыш”, “чак түш”, “күн батыш” деп үчкө бөлүнгөн улуу музыканттын жашоосуна биз да көз чаптырып көрсөк...
КҮН ЧЫГЫШ
Мындан 73 жыл мурун Тьюпелло шаарында (Миссисипи, АКШ) жөнөкөй жумушчулар Вернона жана Глэдис Преслинин үйбүлөсүндө эгиз уулдар төрөлгөн. Анын бир түгөйү дароо эле чарчап калгандыктан, ата-энеси жалгыз уулу Элвис Арон Преслини бөпөлөп багышкан. Преслилердин үйбүлөсү ынтымактуу, биримдүү жана диний адамдар болгон. Элвисти кичинекейинен эле чиркөөгө барып турууга көндүрүп, балдар хорунда диний ырларды ырдаганга үйрөтүшкөн. Бир жолу шаарда өткөн конкурстардын биринде байгелүү орунга ээ болгон уулунун велосипед каалаганына карабай атасы менен апасы гитара сатып беришет. Бул белек Элвистин кийинки тагдырынын жүрүшүн аныктаган. 1953-жылы 18 жаштагы Элвис ошол кезде бир топ барктуу деп эсептелген (а чынында жөнөкөй гараж) “Сан рекордс” студиясына ыр жаздырууга кайрылат. Анын максаты ырчы болуу эмес, апасынын туулган күнүнө арнап бир-эки ыр жаздыруу эле. Студия ээси Сэм жаш жигитке эки ырды ар бирин 2 доллардан жаздырып берип, кетирип жиберет. Анын жанында келечектеги популярдуу ырчы турганын кайдан билсин?!.
ЧАК ТҮШ
Кийинчерээк Филлипс эски досу, белгисиз гитарист Скотти Мурга кезигип, анын топ түзүп жатканын угат да, “бир жигит бар эле” деп Элвис менен тааныштырат. Ошентип, жаңы түзүлгөн топ: Скотти, Билл жана Элвис бир нече ай ыр чыгарышып, шаардагы жалгыз студия болгон “Сан рекордсдо” алгачкы пластинкасын жаздырышат.
Алгач баркын аңдай албаган жигиттин чыныгы таланты бар экенин түшүнгөн Сэм Филлипс 1956-жылы Элвиске жана анын тобуна биргелешип иштөөнү сунуштайт да, экөө келишимге кол коюу менен бирге кийинки ийгиликтүү жана бардар жашоого да кол коюшат.
Ошол эле жылы Преслинин 20 жылдык чыгармачылык жолун баштаган “Баары жайында болот, апа” пластинкасы жарык көрөт. Миңдеген күйөрмандар, пайдалуу сунуштар, хит-параддардын алдыңкы гана саптары, пластинканын нускасынын күн санап өсүшү... Алгачкы пластинка мынча чоң ийгилик алып келээрин Филлипс да, Пресли да, топтун башка катышуучулары да күтүшкөн эмес.
1967-жылы Элвис аскерде жүрүп таанышкан Присцилла Боли менен баш кошкон да, бир жылдан кийин Лиза Мария аттуу кыздуу болушкан.
Атагы чыга баштаган Элвисти белгилүү компаниялар биринен-бири талашып, ага келишим түзүүгө сунуш киргизе башташат. “RCA Victor” баарынан ашып түшүп ырчыга 35 миң доллар сунуштап, ошол эле жылдын октябрь айынан тарта чогуу иштөөгө өтүшөт.
КҮН БАТЫШ
Алты жыл бирге жашаган соң 1973-жылы Элвис менен Присцилла расмий түрдө ажырашып кетишет. Ушуга байланыштуубу же башка себептери барбы, айтор, кийинки жылдарды Элвис үйүнөн чыкпай, адамдардан качып, түнкү жашоого өтөт. Башы баңгизаттарга, ичкиликке байланып, эч нерсеге көңүлү келбей калат. Оор депрессияга түшүп, психикалык абалынын туруксуздугунан өзүн бирөө аңдып жүргөндөй сезим менен ооруй баштайт. Мурунку жылдыздын оор абалын анын 125 килограммга жеткен салмагы көрсөтүп тураар эле.1977-жылы Элвистин бардык концерттик турларын токтотууга туура келген. Салмагын азайтуу боюнча бир нече оор операцияны башынан өткөргөн ырчынын денеси 16-августта өз үйүнүн ваннасынан табылган. Рок-н-ролл падышасынын өлүмүнүн себеби расмий түрдө “жүрөктүн токтошунан” деп айтылса да, чындыгында, анын баңгизаттарынан каза тапканы белгилүү: Элвистин канында баңгизаттын 14 түрү табылган эле. Ошентсе да ырчы өз өлчөмүн билбей калдыбы же атайын бул жашоо менен коштошкусу келдиби, бүгүнкү күнгө чейин белгисиз.
Табияттан берилген талант, өзгөчө стиль, укмуштуу үн, жаратылышынан жагымдуулук Элвисти ХХ кылымдын эң популярдууларынын эң популярдуусу кылды. Ырчынын жоктугу анын азыр да эң популярдуу адамдардын катарында болууга тоскоол эмес. Анткени, 2002-жылы жарык көргөн “Элвистин тандалма ырлары” АКШ, Англия жана башка өлкөлөрдө сатылуу рейтинги боюнча биринчиликти ээлеген.
РОК-Н-РОЛЛ ПАДЫШАСЫНЫН 10 СЫРЫ
Даярдаган Бегайым Мусакеева