Бычуу бул – адамзаттын тарыхындагы эң байыркы, эң табышмактуу жана эң кеңири колдонулган көрүнүштөрдүн бири. Кайсы гана тарыхый мезгилге кайрылбайлы, эркектин “алигиси” өтө бааланып, “анда Кудайдын кереметтүү күчү бар” деп эсептелген. Эркектин сексуалдык күчүнө жараша анын коомдогу орду белгиленген. Атүгүл көпчүлүк элдер “алигиге” сыйынып, ага арнап маал-маалы менен майрамдарды өткөрүп турушкан. Ошондуктан, мисалы, кимдир-бирөөнү зордуктаган эркектер, ала жипти аттагандар менен согушта туткунга түшкөндөр үчүн жыныстык мүчөдөн айрылуудан (бычылуудан) ашкан катаал жаза болгон эмес.
БЫЧУУНУН ТАРЫХЫ ТУУРАЛУУ...
Антикалык доор
Адамзаттын тарыхында бычып салуу алгач эркектерге гана, кийинчерээк аялзатына карата да колдонула баштаган. Байыркы Египетте, Байыркы Грецияда, Байыркы Римде, Ассирия жана Вавилондо туткун эркектердин умаларын гана алып таштоо жеңил жаза, ал эми ага кошуп “алигилерин” да кесип салуу жазанын эң оор түрү болуп эсептелген. Кээде болсо “алигини” жипке бекем байлап туруп жулуп салуу ыкмасы да колдонулган. Мында аккан канды токтотуу үчүн күл же ысытылган өсүмдүк майын сүйкөп, андан соң 5-6 күн белине чейин кумга көмүп коюшкан. Мындай иш-аракеттин максаты аларды аялзаты менен жыныстык катнашка баруу мүмкүнчүлүгүнөн биротоло ажыратып, кулга айлантуу эле. Тилекке каршы, бычылгандардын көпчүлүгү өлүмгө дуушар болушкан.
Мындан тышкары, тарыхчылардын изилдөөлөрүнө караганда, бийлик адамдары кичинекей уул балдарды да бычып туруп кулчулукка же чиркөөлөрдө ырдатуу үчүн дин адамдарына сатышкан. Негизинен, жыныстык мүчөлөрү толугу менен жок эркектер гаремдерге сатылып алынса (алар “евнух” деп аталышкан), умалары гана алынып салынгандарды сойкуканаларда иштетишкен.
Байыркы скиф жоокерлери үчүн согушка аттанаарда кичинекей орок алып алуу салт болгон. Ал орок менен туткунга түшкөн эркектердин жыныстык мүчөлөрүн кесип салып турушкан. Байыркы ирландиялыктарда согуштан кийин өлгөн душмандардын ар биринин “алигисин” кесип, кайра ошол өлүктүн өзүнүн оозуна тыгып кетүү салт эле.
Байыркы Индияда бычыла турган адамдын аял-эркегине карабай алгач белгилүү дозадагы баңгизатты беришкен. Андан кийин жыныстык мүчөлөрүн чоё кармап туруп курч лезвие менен кесип ташташкан. Жаракатка ысытылган өсүмдүк майына чыланган чүпүрөктү жаап, чалкасынан жаткызышкан да, өзүнө келип, жакшы болмоюнча сүт менен гана азыктантышкан.
Байыркы кытай жана монгол аскерлери согушта колго түшкөн эркектерди эле эмес, кыз-келиндерди да аёосуз кыйнаганды жакшы көрүшкөн. Аларды жылаңачтап чечинтип туруп атайын жыгачтан же темирден пирамида түзүлүшүндө жасалган учтуу темирдин үстүнө отургузушкан. Анын бычактан да курч учу “алигини” кесип кеткен. Кээде болсо жыныстык мүчөнү казанда кайнап жаткан май же абдан ысытылган темирди басуу менен күйгүзүшкөн.
Орто кылым
Аталган көрүнүш арабдарда да кездешкен. Күйөөсүнүн көзүнө чөп салган аялдарды ташбараңга алышса, анын ойношун бычып салышкан.
Африка өлкөлөрүндө аялын төшөк кумарында ыраазы кыла албаган эркек да мындай бычылуу азабынан кутулган эмес. Эркектик мүмкүнчүлүгүнөн ажырап эле тим болбостон, эл-жеринен куулуп калган.
Францияда бычуу өзгөчө катуу түрдө колдонулган. Тактап айтканда, эгерде күйөөсү аялынын ала жипти аттаганын байкап калса, анын ойношунун колу-бутун байлап, жыныстык мүчөлөрүн кесип, андан кийин терисин тирүүлөй сыйрып таштаган. Акырында башын алып, өлүгүн куштар жеп кетсин үчүн бийик устунга асып койгон.
Жаңы мезгилТарыхта XVIII кылым бычуунун гүлдөгөн мезгили катары белгилүү. Айта кетсек, Италияда 5 миңден ашуун жаш балдардын бычылганы тууралуу тарыхый далилдер сакталып калган. Булар көбүнчө жардылардын балдары болгон. Себеби, алар “жыныстык мүчөлөрү жок (бычылган) балдарга гана өлкө материалдык жактан каржылоого жардам берет” деген сөзгө ишенишкен. Ошол себептүү көчөлөрдүн баарында “арзан жана сапаттуу бычабыз” деген жарнамалар толуп кеткен.
Ушул эле кылымда Орусияда “Бычылгандар” деп аталып, жашыруун жашаган диний секталар болгон. Анын мүчөлөрү эркек-аял дебей отко аябай ысытылган курч темир менен бычылып, муну “денебизге Кудайдын мөөрүн бастык, шайтандын жолунан тазаландык” деп эсептешкен.
XIX кылымдын башында жашап өткөн түрк султаны Селимдин карындашы Тейше бир далай жаш, сулуу ойношторду күткөн. Кызыгы, ал өзү менен биринчи жолу төшөк кумарына баткан ар бир эркекти “иш” бүтөөрү менен дароо бычып сала берген. Себеби, алардын өзүнөн башка айым менен жыныстык катнашка барышын каалаган эмес.
1870-жылы Италияда жана Европанын бир канча өлкөлөрүндө жаш балдарды бычууга тыюу салынган.
Соңку жаңы мезгил
1989-жылкы изилдөөлөрдө африкалыктардын арасында эркектерге караганда аялзатынын жыныстык мүчөсүн кесип салуу кеңири колдонулаары жана мунун себеби аларды сексуалдык рахат алуудан биротоло айрылтуу экендиги аныкталган.
Мындай көрүнүштү азыркы мезгилде Азиянын Сауд Аравия, Йемен, Катар өлкөлөрүнөн жана түндүк-батыш Африкадагы Мавританиянын айрым жерлеринен да учуратууга болот.
Индияда учурда да бычуу диний багыттагы салт катары кеңири кездешип, бычылгандар өздөрүн “хиджра” (бул сөздүн мааниси “үчүнчү жыныстагы адамдар” дегенди түшүндүрөт) деп атап, атүгүл ушул эле аталыштагы секталарды да түзүп алышкан. Алар өздөрүнүн салты боюнча жыныстык мүчөлөрүн курч бычак менен көпчүлүктүн көзүнчө кесип ташташат жана муну Кудайга берилгендик деп ойлошот. Мына ушундан кийин гана өздөрүн “эми биз аял да эмес, эркек да эмес, үчүнчү жыныстагыларбыз” деп эсептөөгө өтүшөт. Индиялыктардын көз карашы боюнча, хиджралар мистикалык касиеттерге ээ. Мисалы, алардын каргышы өтө коркунучтуу, ошондой эле жаңы төрөлгөн балдарга берген баталары сөзсүз тийет. Ошондой эле сектадагы бычылгандардын дээрлик көпчүлүгү табыпчылык менен алектенишип, бул жаатта аларга жардам сурап кайрылгандар өтө арбын. Айрым маалыматтарга караганда, азыркы мезгилде аталган өлкөдө бычылгандардын саны болжолдуу түрдө 500 миңден 5 миллионго чейин жетиши мүмкүн.
БЫЧЫЛГАНДАН КИЙИНКИ ЭРКЕКТЕГИ ӨЗГӨРҮҮЛӨР Бычылгандан кийин эркектин денесиндеги пайда болгон өзгөрүүлөр анын жаш курагына көз каранды. Мисалы, эгерде эркек кичинекей кезинде бычылса, жыныстык жактан өнүкпөй калат. Тескерисинче, боюнун өсүүсү күчөй баштайт (тарыхта белгилүү болгондой, бычылгандардын дээрлик көпчүлүгү узун бойлуу болушкан). Кесилген жыныстык органдын ордунда түк өспөйт. Үнү бийик болот жана ээгине сакал чыкпайт. Жамбашы кеңейип, бара-бара басканы аялдардын басыгынан айырмасыз болот. Чачтары коюуланып, эч качан тазга айланбайт.
Ал эми бойго жеткенден соң бычылса, негизинен, бетинен тышкары төшүндө, курсагында, белинде, жамбашында май катмары пайда болуп, тез эле семире баштайт. Мунун натыйжасында тулку бою бара-бара аялдыкына окшошуп калат.
Кошумча маалымат:
Азыркы социалдык-психологиялык статистика боюнча, акыркы мезгилдерде автокырсыктардын, медициналык себептердин жана ар кандай жагымсыз (мисалы, криминалдык) окуялардын натыйжасында жыныстык органдарынан ажырап калган эркектердин 90 пайызы өзүн-өзү өлтүрүүгө барышат.